ЖЫЛАНЧЫ
ЖЫЛАНЧЫ (Circaetus gallicus) – карчыгалар уруусундагы куш. Канатын жайгандагы жазылыгы 1,9 мге жетет. Тырмагы учтуу, аны м-н табылгасын мыкчып кармайт. Кыргыз, Талас, Чаткал, Фергана тоо кыркаларында аз болсо да жолугат. Көбүнчө Түштүктүн жаңгак-жемиш токойлорунда уялайт. Жылына бир жолу бирден жумуртка тууп, басып чыгарат.

Балапаны алгач ак, анан акырындык м-н кара кочкул таргыл түскө өтөт. Жыланчылар көп учурда жылан, кескелдирик , чанда бака, к еммирүүчүлөр м-н азыктанат. Бул түрдүн саны азайып кеткендиктен, 1968-жылдан Кыргызстандын Кызыл китебинине киргизилип, коргоого алынган.