ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:06, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР (Pinophita же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыр­кы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Бу­ларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүтүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар – жабык уруктуулар (гүлдүү) м-н папоротниктердин ортосундагы абалды ээле­ген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үс­түндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, жылаңач уруктуулар деп аталган. Папоротниктерден урук-бүчүрү м-н, жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбырак­часынын жоктугу м-н айырмаланат. Байыркы ж-а жөнөкөй түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчак­тары жок, микроспорофиллдери ж-а мегаспоро­филлдери узун өркүнүндө бош жайгашкан. Азыр­кы жакбык уруктуулардын бардыгынын тобурчагы бар, алар бир жыныстуу, б. а. аталык тобурчагы микро­спорофиллден, энелиги мегаспорофиллден турат. Жалбырагы майда, ичке түрпү же канат сымал, анатомиялык түзүлүшү, үтү боюнча да бири-биринен айыр­маланат. Уругу м-н көбөйөт. Азыр алардын 4 классы (саговниктер, гнеттер, гингко сымалдар, ийне жалбырактуулар) белгилүү. Жер жүзүндө 600гө жакын түрү өсөт. Анын көбү – ийне жал­бырактуулар. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозойдо кеңири таралган. Ки­йин геологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштаган.


Ад.: Жизнь растений. Т. 4. М., 1978. К. Т. Шалпыков.