ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 14 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫастрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жыл­дыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган диффузия-

лык заттарды изилдейт. Астрономиянын баш­ка тармагынан алынган маалыматты пайдала­нып, статистикалык материалдын негизинде Га­лактикадагы астрономиялык объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү бел­гилерин үйрөтөт. Жылдыз астрономиясы, жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динами­касына бөлүнөт. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх жыл­дыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз коорди­наталарын көрсөткөн. 14-к-да Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жыл­дыз картасы чоң мааниге ээ (к. Жылдыздар).