БИСЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:14, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СЕР (арабча бусра) – тунук, түстүү жана түссүз айнектен, сейрек металлдан жасалган, жипке тизүүгө ылайык ичке көзөнөгү бар майда шурулар. Бисер өндүрүү Байыркы Египет, Византия, Чыгыш өлкөлөрү, Киев Русунда абдан белгилүү болгон. XIII кылымдан баштап бисерди Венецияда Мурано аралында жасап чыгара башташкан. XVIII кылымдын башында Яблонец деген чех шаарында стеклярусту (айнек түтүкчөлөр) өндүрө башташкан жана ал бисердин бир түрүн түзгөн (яблонецтик бижутерия). Россияда бисер өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшү XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башына туш келет. 1830–1840-жылдарда бисерден жасалган буюмдарга болгон мода өз апогейине жеткен. Бисер менен капчык, сумка, кисет, бювар, панно алкактын ичиндеги сүрөттөрдү кооздошкон. Бисерден жасалган жасалгалар аялдардын костюмунда (шуру, кур, баш кийим, тарак, чач карматкыч, түйгүчтөр) кеӊири пайдаланыла баштайт. Коомдун ар кайсы катмарларында бисер бастырылган сайма-тикме иштери аялдардын сүйүктүү кол өнөрчүлүгүнө айланган. Бисерден жасалган буюмдардын өнүгүшү жана моданын эволюциясы менен аны кол өнөрчүлүк сувенири катары колдонуу башталган. Архитектуралык бисер түркүктүн валигиндеги жасалга катары пайдаланылган.