БИСТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСТР (французча bistre) – 1) жыгачтын саргыч түстүү, тунук, күрөӊ, көөсүнөн атайын даярдалган сүрөт тартуучу боёк. Бистр мурунку сүрөтчүлөрдүн сүрөт тартуудагы сүйүктүү каражаты болгон. XVIII кылымдын аягынан бистр сепия жана тушь колдонулат. Азыркы учурда бистр өз алдынча материал катары пайдаланылбайт; кыл калем же куш канат менен тартылган сүрөттү түшүндүргөн сүрөт тартуу техникасы.