БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:33, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК АРХИТЕКТУ́РА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ Эл чарбасын башкаруу советинин токтому менен 1930-жылы уюштурулган. 1990-жылы техникум архитектуралык-курулуш коллежи болуп кайра түзүлгөн. 1996-жылы архитектуралык курулуш техникуму деп өзгөртүлгөн. Техникумда 3 спорт зал, ашкана, окуу өнөрканалары, 58 окуу кабинети, 5 лаборатория, 19 персоналдык компьютер менен жабдылган, интернет жана электрондук почта байланышына кошулган 2 компьютердик зал бар. Техникум архитектура, имараттарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттардын ичиндеги желдетүүчү жана санитардык-техникалык курулуштун монтажы жана эксплуатациясы, жыгач иштетүү технологиясы, туристтик комплекстерде жана мейманканаларда уюштуруу жана тейлөө иштерин жүргүзүү, экономика жана бухгалтердик эсеп, жер жана мүлк мамилелери боюнча адистерди даярдайт. Ачылгандан бери техникум 25 миӊден ашык адис даярдаган (2006). 2005–2006- окуу жылында 1020 студент окуган.