БОЗТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–III кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чычкан суусунун оӊ жээгинде жайгашкан. Көрүстөн 40 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 2–5 м, диаметри 20–45 мдей. Көрүстөн 1972-жылы И. Кожомбердиев жетектеген археологиялык отряд тарабынан табылып, изилденген. 27 коргон казылып, тонолуп кеткендиги аныкталган. Буга карабастан, коргондон чопо идиштер, илбирстин башы түшүрүлгөн сүрөттөрү бар коло буюмдар, аттын ооздугу, канжардын сабы, жебенин учу жана башкалар табылган. Д. Ф. Винник.