БОСТОН (бий)
БОСТО́Н (boston, Америка Кошмо Штаттарынын Бостон шаарынын атынан) – алгач Бостон шаарында XIX кылымда пайда болгон лирикалык мүнөздөгү бий. Жай вальстын бир түрү. 1920-жылдарда Европада кеӊири тараган. Кадимки вальстан айырмаланып, бийди коштогон музыкалык кайрыктын үчүнчү, кээде экинчи үлүшүнө тыным туш келет.