ЖЕР ЗАРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЗАРЯДЫ – Жер шарындагы ж-а аны кур­чап турган атмосферадагы электр заряддары. Электр талаасындагы күч сызыктардын тик ылдый таралышынан Жер терс, ал эми жогору карай заряддын азайышынан атмосферанын төмөнкү кат­мары оң заряддуу деп аныкталган. Алар бири бирин теңдеп тургандыктан, Жер шарынын жал­пы заряд белгиси – бейтараптуу. Жер зарядынын орточо тыгыздыгы 3,45·10–4 CGSE, ошондуктан анын терс заряд өлчөмү 17·1014 CGSE.