ЖЕР КЫРГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР КЫРГЫЧ – 1) жер кыртышын катмарлап кесип, тынымсыз иштөөчү жер казуучу маши­на. Анын тракторго чиркелүүчү ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү болот. Жер кыргыч канал курууда, жер те­гиздөөдө, жолго кыр чыгарууда, жолду кардан тазалоодо колдонулат; 2) чуңкур жайлардан кыртыш кырып алуучу курулуш экскаватору­нун жумушчу бөлүгүнүн бир түрү. 3) пайдалуу кенди жер алдынан казып алуучу кыргыч ку­рулманын бөлүгү; 4) жалпак түптүү, парус-ка­лактуу, тик борту бар эски жыгач кеме. Узундугу 20– 45 м, эни 4–9 м. ХI–ХIХ кылымдарда Россияда негизи­нен жүк ташуу үчүн пайдаланылган.