БУБЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́БЕН – орус элинин байыркы урма музыкалык аспабы. Тегерек алкактын бир жагына тартылган жаргактын диаметри 400–500 мм. Алкактын оюктарына жука жез табакчалар кадалып, ич жагына жылаажындар тагылат. Добуш силкилдетүү же кол менен ургулоо аркылуу алынат. XIX кылымдан баштап симфониялык оркестрге кеӊири пайдаланыла баштаган. Бубен дэф, дяф же габал (азербайжан), даф же хавал (армян), дайра (грузин), дойра (өзбек, тажик), дайра же даф (иран) жана башка аттарда тараган. Байыркы Руста «Бубен» барабан катары да пайдаланылган.