ЖЫНЫС
ЖЫНЫС – организмдин жыныстык көбөйүүсүн камсыз кылуучу генетикалык ж-а морфологиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысы. Мында аталык ж-а энелик жыныс клетка – гаметалар кошулуп, зиготаны пайда кылат, андан жаңы организм өрчүйт. Зиготада аталык ж-а энелик гаметалардын 2 гаплоиддүү хромосома жыйындысы биригет. Жаңы организмдин жыныс клеткасында аталык ж-а энелик хромосомалардын гаплоиддүү жыйындысы пайда болот. Жыныстык көбөйүү көбүнчө жаныбарларда ж-а татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө болот. Бир клеткалуу организмдерде жынгыс анча жиктелбеген. Көп клеткалуу диплоиддүү организмдерде атайын гаплоиддүү жыныс клеткалары (энелик жыныста аз кыймылдуу же кыймылсыз; эркек жыныста майда ж-а кыймылдуу) пайда болот. Көпчүлүк жаныбарларда эркек, ургаачысы айырмаланып турат. Алар бир катар морфологиялык ж-а физиологиялык белгилери, ошондой эле жыныстык жүрүм-туруму м-н айырмаланат.