ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫС ДИМОРФИЗМИ , а й р ы м ж ы н ы с­т у у л у к – түрдүн эркек ж-а ургаачы особдору­нун белгилери боюнча айырмаланышы, полимор­физмдин бир түрү. Жыныс диморфизми жыныстык тандоо­нун таасиринен келип чыккан. Көп клеткалуу жаныбарларда жыныстык жетилүү мезгилин­де толук өрчүйт, көбүнчө жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү, ошондой эле жыныстык жетилгендеги жыныс белгилеринин айырмасына байланыш­туу. Жыныс диморфизминин туруктуу ж-а мезгилдик түрү бо­лот. Т у р у к т у у жыныс диморфизми – мезгилдик шарттар­га бир аз көз каранды же көз каранды эмес. Ал көпчүлүк омурткасыздар (өзгөчө курттар, муу­нак буттуулар) ж-а омурткалууларга мүнөздүү (мисалы, кээ бир жаныбардын ургаачысы эркеги­нен бир топ кичине, айрымдарында, тескери­синче, ургаачысы чоңураак). Эркеги ургаачысы­на караганда ачык коргоочу түстө болот (мисалы, көпөлөктөр, канаттуулар ж. б.) ж-а көп учур­да ургаачысы тукумуна кам көрүп, аз кыймыл­дайт. Бугу коңуздун «мүйүзү», нарвал (дельфин­дин бир түрү) ж-а пилдин эркегинин узун жу­муру азуулары (бивень), көптөгөн бугулардын эркегинин мүйүзү экинчилик (жетилгенден ки­йинки) жыныстык белгилери Жыныс диморфизминин айкын көрүнүшү болуп эсептелет. М е з г и л д и к жыныс диморфизми көбөйүү мезгилинде гана байкалат. Мын­да жыныс диморфизми – көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, мисалы, тритондун эркегинин жо­нундагы кыры, балыктын эркегинин ачык түсү. Кишиде жыныс органдарынын түзүлүшүндөгү айырмачылыктардан башка, эркектин скелети ж-а булчуңдары жакшы өрчүгөн, сакал, мурут­тун болушу ж. б. белгилер; аялда эмчек, ошондой эле жамбашынын жазы болушу ж. б. – жыныс диморфизминин көрүнүшү.