БЫЧМАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧМАЧЫ – кийимдин бардык түрүн, үй-буюмдарын, боз үй жабдууларын жана ат жабдыктарын бычуучу уз. Мурда ар бир айылда бир нече бычмачы болгон. Алар турмуш-тиричиликке керектүү кийим-кечек, буюм жана башкаларды кездеме, таар, кийиз жана териден бычып берип, кол акысын алышкан. Кийин бычмачылык өнөр жайлык мүнөзгө өттү.