БЫШЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫРУУ – 1) кездеменин айрым түрүн (мисалы, жүндөн токулган) буу же ысык суу менен иштетүү. Бул кездеменин сапатын жакшыртуу (тыгыздоо, киргизбөө, жумшактыгын арттыруу) үчүн жасалат; 2) материалды, мисалы, металл, жарым өткөргүч, айнек жана башкаларды термиялык иштетүү. Мында белгилүү температурага чейин ысытып жана акырындык менен муздатылат. Материалдын түзүлүшү жана иштетилүүсү жакшыртылат, ички чыӊалуусу алынып ташталат жана башкалар.