ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ
ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ – организмдин тукумдоо милдетин аткаруучу мүчөлөрү. Аларга жыныс бездери (эркек ж-а ургаачы жыныс бези), жыныс өткөөлдөрү (урук ж-а тукум түтүгү), жардамчы түзүлүштөр (ургаачыда секреция чыгаруучу без, эркекте жумуртканын түрдүү челин пайда кылуучу зат) кирет. Айбанаттардын көпчүлүгү айрым жыныстуу, кээ бир түрүнө (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, курттар, молюскалар ж. б.) гермафродитизм мүнөздүү. Адамдын жыныс органдары жөнүндө, к. Аялдын жыныс органдары, Эркектин жыныс органдары макалаларын.
Өсүмдүктөрдүн жыныс органдары түрдүү системалык топто түрдүүчө түзүлгөн. Балырлардын көпчүлүгүнүн ж-а жөнөкөй козу карындардын аталык ж-а энелик жыныс органдарынын морфологиялык жактан айырмасы жок. Морфологиялык жактан айырмаланган бир же көп клеткалуу тегерек же баштык формасындагы эркек жыныс органдарында (антеридийлерде) эркек урук клеткасы өсөт. Энелик жыныс органдары тегерек, бир клеткалуу болсо (балырлар, козу карындар) оогамиялар, архикарптар (аскомицет козу карындарда); көп клеткалуу, чучуктай жумуру, сүйрү болсо (эңилчектерде, папоротник сымалдарда), архегонийлер деп аталат.