ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ
ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ , п у б е р т а т м е зг и л и – организмдеги биологиялык жетилүү, башкача айтканда тукумдашууга жарамдуулук. Адамда жыныстык жетилүү аяктаганда, көбөйүүгө жөндөмдүү (репродукциялык) мезгил келет. Өмүрү кыска жаныбар эрте (бурамалар 30–35 күн жашап, 4–5 суткада), ал эми узак жашоочулар кечирээк жетилет. Жыныстык жетилүү ж. эркек балага караганда кызда эрте башталат. Акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө балдардын жыныстык эрте жетилүүсү байкалууда. Мисалы, мурда кыздарда жыныс жетилүүсү 13–15 жашында башталып, 19–20 жашка чейин созулса, азыр 8–11 жашынан 19 жашка чейин созулат. Жыныс жетилүү башталганда организмде көп өзгөрүү болот. Кан тамыр басымы жогорулап же төмөндөп, жүрөк согуусу тездеп, кээде аң-сезимде өзгөрүүлөр байкалат. Жыныс жөнүндө аял ж-а эркектин жыныс гормондору (эстроген, андроген) пайда болуп, жыныс органдары ж-а анын белгилери өөрчүйт. Жыныстык жетилүү жыныстык экинчилик белгилердин пайда болушу м-н байланыштуу. Бул мезгилде колтугуна, жыныс мүчөсүнүн сыртына жүн чыгат, кыздарда 11–15 жашында эмчек бездери чоңоюп, этек кири келет. Жыныс жөнүндө дене пропорциясы убактылуу өзгөрүп, бут, кол узарып, эпсиз кыймылдайт. Эркек балада булчуңдар бат өсөт. Ички органдар, скелет м-н булчуң системасына караганда жүрөк бат чоңоёт, ошондуктан ал артериялык кан басымдын жогорулашына ж-а жүрөктүн иштешинин кыйындашына себеп болушу ыктымал. Ал кезде баш айланып, ооруйт, тез чарчайт, өспүрүмдүн психикасы өзгөрүлөт. Ал эмоциялык жактан туруксуз болуп, туталанат, эпсиз, олдоксон кыймылдайт. Ата-эне м-н мугалимдер организмдин өөрчүшүнүн өзгөчөлүгүн, жыныстык жетилүү мезгилин балага туура, кылдаттык м-н түшүндүрүп, камкордук кылуу керек.