БӨЛӨ
БӨЛӨ – эне жагынан туугандыкты туюнтуучу түшүнүк. Жалпысынан эже-сиӊдинин балдары бири-бирине бөлө болот, ал эми кара чечекейлердики карын бөлө аталат. Салт боюнча бөлөлөр арасында никелешүүгө жол берилген эмес, бирок айрым учурда турмушта ал салтты бузгандар да болгон.