ВАЛТОРНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:54, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛТО́РНА (немисче Waldhorn – токой кернейи) – байыркы мүштөктүү үйлөмө музыкалык аспап. XVII кылымда пайда болгон. Түпкү теги мергенчилердин мүйүздөн жасалган кернейинен таралган. Өркүндөтүлгөн жез үйлөмө музыкалык аспаптардын оркестрлик тобуна кирет. Валторна үчүн композитор К. М. Фон Вебер, Ф. Мендельсон, М. И. Глинка, Г. Берлиоз чыгармалар жаратышкан. XX кылымдан жеке жана ансамблде ойнолот.