ЖЫНЫСТЫК ТАРБИЯ
ЖЫНЫСТЫК ТАРБИЯ б а л а г а т к а т а р б и я л о о – балдарга, өспүрүмдөргө ж-а жаштарга жыныс мамилесин туура түшүндүрүүгө багытталган медициналык ж-а педагогикалык чаралар системасы. Жыныстык тарбаия жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптан өсүүсүнө, төрөткө жарамдуулукка, сексологиялык билимдүүлүккө, нике ж-а үй-бүлөнү чыңдоого көмөктөшөт. Мектеп жашына чейинки балдарды денесин таза кармоого ж-а жүрүш-туруштун эң жөнөкөй эрежелерине үйрөтүү керек. Эрогендик жерлерди дүүлүктүрбөө үчүн кийим ыңгайлуу, кенен болуп, мите ооруларын алдын алуу зарыл. Балдар 2–3кө келгенде, кайсы жыныска таандык экенин билип калат. Кенже класстын балдарын тарбиялоодо алардын жашынын физиологиялык, психологиялык. өзгөчөлүктөрүн эске алып, балдар м-н кыздарда токтоолук, өз ара жардамдашуу сапаттарын калыптандыруу зарыл. Өспүрүм чакта (кыздар 12–14төн, балдар 13–15тен) алардын ички дүйнөсү байып, эндокрин бездеринин (өзгөчө жыныс безинин) кызматы күчөп, жыныстык кызыгуу башталат. Бул кезде кыздарга этек кир циклин, балдарга полюциянын пайда болушун, анын мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, ошол убактагы гигиена эрежесин түшүндүрүп, ошондой эле өспүрүмдөрдү жыныстык сезимдин эрте ойгонуусунан сактоо керек. Өспүрүмдөрдү жыныстык сезимди башкара билүүгө, ар кыл тескери көрүнүштөрдөн алыс болууга үйрөтүү зарыл. Жогорку класстын өспүрүмдөрүнө, мектепти бүткөн балдар, кыздарга жыныстык тарбия нын гигиеналык, физиологиялык негиздерин, никенин адеп-ахлак маселелерин түшүндүрүү пайдалуу. Өспүрүмдөр арасында режимди туура уюштуруу, бир-бирине туура мамилесин ыйык сактап, адепсиздикке барбоого, эркек балдарды сабырдуулукка, кыздарды кыз абийирин, кыздын ыйык атын сактоого тарбиялоо керек.