ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:42, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ – климаттык-бальнеологиялык жана баткак менен дарылоочу курорт. Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каракол шаарынан 10 км түндүк тарапта. Ысык-Көлдөн 10 км, Жыргалаң суусу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 1624 м бийикте жай­гашкан. 1965-жылы ишке киргизилген. Жыргалаң курорту Ысык- Көлдүн курорттук аймагына кирет. Климаты континенттик: кышы жумшак, январь айынан орточо температурасы – 5°С; жайы жылуу, июль айы­нын орточо температурасы 18°С. Жылына 400 ммге жа­кын жаан-чачын түшөт, чөйрөнүн орточо нымдуу­лугу 60%. Күн радиациясы өтө жогору. Жыргалаң курортунда дарылоо негизинен минералдуу ысык (43°С) суу ваннасы, дары баткагы менен жүргүзүлөт (карагыла, Жыр­галаң минералдуу суусу, Жыргалаң баткак ке­ни). Муундун жана нерв системасынын оорула­рын дарылайт.