ВЕНЕЦИЯ АЙНЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕ́ЦИЯ АЙНЕГИ – үйлөө жолу менен жасалган көркөм буюмдар. XIII кылымда Сирия менен Византиянын айнек жасоо тажрыйбасын өздөштүрүү менен Венецияда пайда болуп, кылымдын аягында өрт коркунучунан жана айнек чыгаруу сырын сактоо үчүн венеция айнегин өндүрүү Мурано аралына топтолгон. Венеция айнегинин гүлдөп өнүгүшү Кайра жаралуу дооруна таандык. XV–XVI кылымдарда Мурано аралы Европада айнек өндүрүшүнүн борборуна айланат. Венеция айнегинин курамы капталы жука буюмдарды үйлөп жасоого жана жасалгалоого шарт түзгөн. Алтын жалатылган жана эмаль менен сырдалган айнек идиштердин, ар кыл кубоктордун, анын ичинде чебер уста Анжело Баровьеринин (XV кылым) портреттер, атчандар, балыктын кабырчыгы түрүндөгү орнаменттер
түшүрүлгөн кубокторунун, ошондой эле шуру, күзгүлөрдүн даӊкы көп жерге тараган. Жогорку көркөмдүктөгү тор сымал орнамент жана оролмо түр салынган («венеция жиби») филигрань техникасындагы, ажыдаар фигуралуу буттары бар кубоктор айырмаланышкан. Венеция айнеги Франция, Бельгия, Германияда айнек өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. «Венеция манерасындагы» айнектер Россиянын алгачкы айнек заводдорунда да чыгарылган.

Венеция айнеги. Кумура. XVI кылым. Эрмитаж (Санкт-Петербург).