ЖЫРТКЫЧ КУШТАР
ЖЫРТКЫЧ КУШТАР (Aceipitres) – куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу жорулар. Дене узундугу 1 м, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 – 3 м, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 смдей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күчтүү манжалары, курч тырмактары м-н табылгасын кармап жейт. Бут, төш булчуң ж-а көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Жырткыч куштар тиричилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүүчүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балыктар, үлүл, курт-кумурска ж-а таштанды, тарп м-н азыктануучулар болуп, 2 түркүмчөгө бөлү-

нөт. Кээ бири ылгабай азыктанат. Булар Жер шарынын бардык жеринде (Антарктидадан башка) таралган. Айрымдары тургун, кээси келгин куштар. Жырткыч куштардын ургаачылары жылына 1–7 жумуртка тууп, шумкарлар 28, жорулар 55 күн басып, балапан чыгарат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында Жырткыч куштардын 44, Кыргызстаннда 30дай түрү кезигет. Алардын ичинен зыяндуулары (кыргый, бөктөргө ж. б.), ошондой эле зыяндуу кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жеп токой ж-а айыл чарбасына пайда келтирүүчүлөрү да бар. Жырткыч куштар омурткалуу жаныбарлардын санын (мисалы, зыяндуу кемирүүчүлөрдү) жөнгө салып турат.