ВЕРНИСАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРНИСА́Ж (французча vernissage – лак менен жабуу, жалтыратуу) – атайын чакырылган адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, маданият жана искусство ишмерлери, тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү жана башкалар) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же көрүүчүлөрдүн кеӊири массасына арналган көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы. Вернисаждын аталышы качандыр бир кезде кеӊири тараган француз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмө ачылар алдында көргөзмө салонундагы картиналарды жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.