ЖЫТ СЕЗҮҮ
ЖЫТ СЕЗҮҮ – жаныбарлар ж-а адамдын жыт билдиргич клеткаларынын жардамы м-н жыт ажыратуу клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюусу. Туюнуу жыт сездиргич рецепторлор аркылуу мээнин чоң жарым шарынан жыт бөлүгүнө (зонага) өткөрүп, ал жерде жыт ажыратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецепторлор жайгашкан (к. Жыт сезүү органдары). Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамакты чайнап, жутарда анын жыты каңылжаарга өтүп, ооз көңдөйү аркылуу таралат. Ар кимдин жыт сезүү анализаторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жакшы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мисалы,
адамда, маймылда ж-а кушта начар, ал эми азыгын жыты м-н табуучу жаныбарлардын жыт сезүү органдары абдан күчтүү өөрчүгөн. Иттин жыт сезүү органдары адамдыкына караганда 10 000 эсе күчтүү, аңчы ит 800–1000 м аралыкта бөдөнө же өрдөктүн жытын сезет. Көп жаныбар жыт кубалап тамак таап жешет, душманы келе жатканын туят. Эгер түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт рецепторлору ошол жытка көнөт. Улгайган адамдын жыт сезүүсү начарлайт, ал эми кош бойлуу аялдардыкы күчөйт.