ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ
ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ – адам ж-а айбанаттардын айлана-чөйрөдөгү химиялык дүүлүктүргүчтөрдү кабылдоо мүчөсү. Көпчүлүк омурткасыздарда жалпы эле химиялык сезүү мүчөсү болот. Курт-кумурскалардын кабылдагыч кылдарында жайгашкан жыт сезгичтери бар. Көп сүт эмүүчүнүн мурдунун жыт сезүү бөлүгү мурун сөөгүнүн жардамчы кечиринин эсебинен чоңойгон. Адамдын жыт сезүү органдары . мурун көңдөйүнүн жогорку-арткы каңылжарында орун алган. Жыт сезүү органдары балыктарда жуп мурун чуңкуру, моллюскаларда осфрадия түрүндө болот. Жыт сезүү органдарынын милдетин, аларда жайгашкан ийик сымал жыт сезгич рецептор клеткалары аткарат. Ал клеткалар коёндо 100, адамда 10 млнго жакын болот.