ВЕРСТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРСТА́К (немисче Werkstatt – устакана) – иштетилүүчү буюмду бекитүүчү жабдуусу, айрым учурда механикалаштырылган аспабы жана башкалары бар жумушчу стол. Ал бир жана көп орундуу болуп, темир устачылыкка (темир жана башка материалдарды) жана жыгач устачылыкка (жыгач материалдарды иштетүүгө) арналат. Верстакта керектүү аспаптар, жасалгалар, материалдар, тетиктер, техникалык документтер сакталат. Бир орундуу верстактын бийиктиги 0,8 – 0,9 м, туурасы 0,7–0,8 м, узундугу 1,2–1,5 м. Эки же андан көп орундуу верстактардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө чоӊойтулат. Азыркы учурда көтөрүп жүрүүчү верстак кеӊири колдонулууда.