ЖЫШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫШТЫК – 1) f (x) м е з г и л д ү ү ф у н к­ц и я с ы н ы н – мезгилге тескери болгон W чоңдугу, башкача айтканда W = 1/T. Мисалы, sin 3t мезгилдүү функциясынын мезгили T = 2π/3 ж-а W = 3/2π. 2) К о к у с т у к т у н – сыноонун берилген ыраатында пайда болгон кокус окуянын m са­нынын жалпы n сыноо санына болгон m/n ка­тышы. n канчалык чоң сан болсо, окуя жыштыгы анын ыктымалдыгына ошончолук жакын бо­лот. «Ж.» термини матем. статистикада да кол­донулат.