ГЕРМАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМА́НИЯ, Германия Федерация Республикасы (ГФР) — Борб. Европадагы өлкө. Түндүгүнөн Дания, батышынан Нидерланд, Бельгия, Люксембург, Франция, түштүгүнөн Швейцария, Австрия, чыгышынан Чехия, Польша м-н чектешип, түндүгүнөн Түндүк ж-а Балтика деӊиздери чулгап жатат. Аянты 357 миӊ км2. Калкы 83,02 млн. (2020). Мамл. тили – немис тили. Борбору –

Берлин ш. Адм.-айм. жактан 16 жерди (адм.-айм. бирдик) камтыган федерация (табл.).
==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
Г. – федерациялык мамлекет. Негизги мыйзамы (конституциясы) 1949-ж. 23-майда кабыл алынган. Ар бир аймак (жер) өз конституциясына, парламентине ж-а өкмөтүнө ээ. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга атайын чакырылган Бундестаг ж-а Ландтагдардын (жерг. парламент мүчөлөрүнүн) бирдей санынан куралган Федералдык


Таблица бар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

чогулуш тарабынан шайланат. Аткаруу бийлигин – федералдык канцлер жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Бундестаг ж-а Бундесрат). Негизги саясий партиялары: Христиан-демокр. союзу (ХДС), Христиан-социалдык союзу (ХСС), Эркин демокр. партиясы, Г-нын социал-демокр. партиясы (ГСДП), Жашылдар партиясы, Демокр. социализм партиясы ж. б.
==Табияты. ==
Г-нын аймагы кеӊдик багытта созулуп жаткан 3 ири орографиялык объектиден турат, алар – түн. бөлүгүндөгү Түн. Германия ойдуӊу, борб. бөлүгүндөгү – Ортонку Германия

Шварцвальд тоо массиви.

тоолору, түштүгүндөгү – Альп тоолору ж-а Бавария бөксө тоосу. Г-нын аймагына Альп тоолорунун түн. тармактары кирип турат. Анын батыш бөлүгүндө кумдук тоо тектеринен түзүлгөн жапыз кырка тоолор басымдуулук кылат. Бирок, Баварияда (Мюнхенден түштүктө) жайгашкан Акиташтуу Түн. Альп тоолорунда Г-нын эӊ бийик жери – Цугшпитце чокусу (бийикт. 2963 м) орун алган. Альп тоолорунан түндүктө тоонун талкаланды – кум, чополуу тектерине толгон четки тектон. ийилүүдө түздүк (альп форланды) пайда болгон. Ал Альп тоолорунан түндүктү карай акырындап жантайып, Дунай өрөөнүнө кошулат. Түздүктө плейстоцендеги муз каптоодон калган кесек тоо тектер – аяккы мореналар жапыз дөбө-дөӊсөлүү жалдарды пайда кылган. Жалдар аралыгындагы ойдуӊдарды саздар м-н көлдөр ээлейт. Мореналардан түндүктө мөӊгү суулары агызып келген шагыл-таштар Мюнхен түздүгүн ж-а дарыя тектирлерин пайда кылган.
Орто бийиктиктеги Орто Германия тоолору байыркы тоо тектерден түзүлүп, Альп тоолору көтөрүлө электе эле мында Европаны батыштан чыгышты кесип өткөн зор тоо системасынын бир бөлүгү болгон. Карбон мезгилинде алардын чет-жакаларында ж-а тоо аралык ойдуӊдарында саздуу дельталар түзүлүп, Рур, Саар, Ахен көмүр бассейндери пайда болгон. Байыркы тоо массивин түзгөн чулу тоо тектер үбөлөнүүгө дуушарланган. Кийин ал массивдердин айрымдары көтөрүлүүгө дуушарланып, Рейн Сланецтүү тоолору, Шварцвальд, Гарц сыяктуу тоолор жаралган. Г-нын аймагына татаал түзүлүштөгү Чех Токоюнун бир аз бөлүгү да кирип турат. Анын түш.-чыгышында Бавария Токою, түн.-чыгышында Саксония Кендүү тоолору орун алган. Бул тоолордун жону плато сымал жайык, түздүктөрдөн тепкичтенип көтөрүлүп, бийикт. 1000 м чейин жетет. Айрым чокулары, мис., Шварцвальд тоосундагы Фельдберг чокусу 1493 мге жетет. Кыр бөлүгү тик беттүү, токойлуу өрөөндөр м-н тереӊ тилмеленип, алар кээде тоо этектериндеги түздүктөргө чейин түшөт. Алардын ичинен эӊ өзгөчөлөнүп турганы – Рейн грабени, ал Вогез ж-а Шварцвальд тоолорун кесип өтөт. Рейндин тектирлерин жүзүмзар ээлейт.
Чопо, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн тоо аралык ойдуӊдарында денудациянын таасиринен капталдары тик куэста жалдары пайда болгон. Эӊ ири Шваб Альб куэстасы Г-нын түштүгүндө Майн ж-а Неккар д-нын алаптарында жайгашып, 1000 мден жогору көтөрүлөт. Түн. Германия тоолорунун түн. чет-жакасы б-ча кумдук, акиташ тектүү катмарлары чыгып, жал-өрөөндөрдүн айкалышып жатышына шарт түзөт. Батышында бул ландшафтты Везер д. кесип өтөт. Анын эӊ кууш жери – Вестфалия Дарбазасында байыркы герман уруусунун башчысы – Арминийдин статуясы орнотулган (ал б. з. 9-к-нда римдиктердин 3 легионун талкалаган). Вестфалиянын (Рурдун көмүрлүү катмарларынын астында жаткан) жантайыӊкы куэсталары м-н Тюрингия бассейнинин куэста ландшафтынын окшоштугу байкалат. Айрым жерлерде альп тоо пайда болуу кыймылынын таасиринен жаралган тереӊ ойдуӊдарды деӊиз ж-а көл алаптары ээлеп, алар чопо, кум, шагыл таштарга толгон (мис., Жогорку Рейн, Кёльн ойдуӊдары). Кёльндө күрөӊкөмүрдүн ири запасы бар. Ортонку Германия тоолорундагы ургаалдуу жанар тоо процесстери жаракалардагы тектон. кыймылдарга байланыштуу болгон. Байыркы жанар тоолор (мис., Гессендеги Фогельсберг
массиви, бийикт. 774 м) эрозиядан өтө өзгөрүп кеткен, ал эми Айфел кратерлери ж-а күл конустары өзгөрүлбөй сакталып калган. Г-нын аймагында алгачкы адамдар пайда болгондо бул жанар тоолор атылып турган. Байыркы жанар тоонун активдүүлүгүн мындагы көптөгөн минералдуу ысык булактар айгинелеп турат. Ортонку Германия тоолорундагы ландшафттын өзгөчө тиби аны түзгөн тоо тектердин ж-а рельефтин формаларынын ар түрдүүлүгү м-н байланыштуу. Ыӊгайлуу өрөөндөрдө жыгач үйлөрү басымдуулук кылган кыштактар, чептер м-н курчалган соода шаарлары жайгашкан. Тоо капталдарындагы бак-дарактар, жүзүмзарлар улам жогорулаган сайын тик беттерде чер токойлор м-н алмашат; алардын арасында эски сепилдердин чалдыбарлары кездешет. Түн. Германия ойдуӊу өлкөнүн түн. бөлүгүн бүт ээлейт; жазылыгы батыш бөлүгүндө 150 кмдей, батышты карай акырындап кеӊейет. Бавариянын тоо этектериндеги түздүктөрүндөгүдөй эле мында да негизинен борпоӊ тектер – шагыл-таш, кум, чопо кеӊири таралып, арасында күрөӊ көмүрлүү катмарлары кездешет. Рельефинин формасы негизинен плейстоцендеги үч жолку муз каптоодон калыптанган эӊ кеӊири таралган формалар: аяккы мореналардан пайда болгон жал, дөбө-дөӊсөөлөр, морена түздүктөрү, көптөгөн булуӊдар (фьёрддор), лагуналар («бодден»), кумдуу жерлер (гесттер), ваттар, марш-

Түндүк деӊиздин жээги (Шлезвиг-Гольштейн).

тар. Өсүмдүк тамырлары м-н бекемделген морена субстраты шамал эрозиясына – дефляцияга дуушарланып, кум дөбөлөрүн – дюналарды пайда кылат.
Мелүүн деӊиздик к л и м а т өкүм сүрөт. Жалпысынан атм-нын батыш циркуляциясы үстөмдүк кылат; түндүктөн муздак, түштүктөн жылуу аба согот. Кышында Түн. Атлантиканын суусу кургактыкка караганда жылуу болгондуктан, Европага жылуу аба согуп турат. Абанын төмөнкү темп-расы Сибирдин муздак аба массасынан келген антициклонго байланыштуу. Бул мезгилде Түн. Германия ойдуӊунда абанын темп-расы 12°Сге чейин, кышында чыгышты карай төмөндөйт; январдын орт. 0°С изотермасы Любек – Бонн сызыгы б-ча өтөт. Түштүктө темп-ра бийиктикке байланыштуу төмөндөйт. Кар катмары түндүктө 20–25 күн, Түш. Баварияда 40 күндөн ашык, Альп тоолорунда ж-а Шварцвальда 100 күндөн ашык жатат. Жайында тескерисинче, абанын темп-расы түштүктү карай көтөрүлүп, эӊ жогорку темп-ра Жогорку Рейн ойдуӊунда катталган, анда июлдун орт. темпрасы 19°С. Түн. Германия ойдуӊунда жайкы темп-ра чыгышты ж-а түш.-чыгышты карай көтөрүлөт. Июлдун орт. темп-расы Берлинде 18,5°С. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү Түн. Германия ойдуӊунда, Түн. деӊиз жээгинде 750 ммге жетип, чыгышты карай акырындап азаят. Түздүктөрдөн түштүктү карай рельефтин тоо-өрөөндүүлүгүнө жараша жаан-чачындын таралышы татаалдашат: тоолордо 1000 ммден ашык, кээде 2000 ммге чейин жаайт, ал эми айрым туюк ойдуӊдарда 500 ммден ашпайт. О. эле Ортонку Германиянын жаан-чачындан ыктоо жаткан түн. тилкесинде да аз түшөт. Г-нын дээрлик бардык жеринде жаан-чачындын максимуму жайга туура келет; жумшак климаттуу түн.-батыш жээк бөлүгүндө гана жаан-чачындын басымдуу бөлүгү кышында жаайт.
Г-нын эӊ ири д а р ы я с ы – Рейн; анын куймаларынын көбү Альп тоолорунан башталып, Рейн Сланецтүү тоолорун кесип өтүп, Түн. Германия түздүгү аркылуу Түн. деӊизине куят. Жайдын башталышында тоодогу кардын эришинен суусу кирет. Рейндин Түн. Германия тоолорунан башталган куймаларынын режими башкача болуп, агымынын максимуму буулануу эӊ төмөн болгон кыш мезгилине туура келет. Бул эки режимдин айкалышынан Рейндин суусу дайыма мол ж-а агымы туруктуу болуп, кеме каттоого ыӊгайлуу шарт түзүлөт. Г-нын башка дарыяларынын көбү Ортонку Германия тоолорунан башталат. Алар негизинен Рейндин куймалары, о. эле Везер ж-а Эльба дарыялары (Түн. деӊизге куят). Одер ж-а анын негизги куймасы – Нейсе. Өлкөнүн түштүгүнөн Шварцвальддан Дунай башталып, чыгышты карай агат. Анын суу режими Альп тоолорунан башталган оӊ куймаларынын таасиринен түзүлөт. Жайкы ташкын ж-а кышкы межень навигацияга терс таасирин тийгизет.
Т о п у р а к кыртышынын ар түрдүүлүгү негизинен түпкү тектерге ж-а кумдуктарга байланыштуу. Түн. Германия ойдуӊунун кумдуу субстраты, айрыкча вереск бадалдарынын ж-а кызыл карагайлуу токойдун астындагы өтө жуулма, кычкыл, күрсүз топурактары а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыӊгайсыз. Кычкыл саз топурактарынын ири ареалдары кездешет. Жээктердеги марш кыртышы мелиорациядан кийин күрдүү топуракка айланат. Ортонку Германия тоо массивдеринин түпкү тектери серүүн нымдуу климаттуу шартта узак убакыт бою үбөлөнүүгө дуушарланып, токойдун жуулма кычкыл коӊур топурагы пайда болгон. Алар жайыт же токой өстүрүү үчүн пайдаланылат. Эӊ күрдүү топурактар ойдуӊдарда ж-а дарыя тектирлеринде, айрыкча лёсстуу жерлерде таралган кара топурак; ал Гарцтан чыгышта ж-а Тюрингия бассейнинде кездешип, бара-бара токойдун коӊур топурагына өтөт. Мурда бул аймактар жазы жалбырактуу токой м-н капталган; азыр алардын жарымына жакыны кыйылып, айдоо жерлерге айландырылган. Коӊур топурактар (бурозём) тобуна кирген кыртыш Шлезвиг-Гольштейндин чыгышындагы морена түздүктөрүндө, Бавариянын тоо этектеги түздүктөрүндө таралган. Альп тоолорунун топурактары бийиктик алкатуулукка ж-а капталдардын тиктигине жараша өзгөрөт. Алар – жука катмарлуу таштак топурактар.
Г-нын калк жыш отурукташып, токою кыйылып, же бак-дарактар отургузулган жерлеринде табигый ө с ү м д ү к т ө р дээрлик калган эмес. Өлкөнүн түндүгүндөгү жазы жалбырактуу эмен, кайыӊ токойлору, жүздөгөн жылдар бою жайыт катары пайдаланылган вереск бадалдары курчаган аймактар айдоо жерлердин ареалына айландырылган. Азыр вересктер коруктарда гана калган. Күрсүз топурактуу жерлерге бак-дарак, айрыкча кызыл карагайдын тез жетилүүчү түрлөрү отургузулат. Ортонку Германиянын жапыз тоолору кооз бук токою м-н капталып, отургузулган карагай токоюнун ири массивдери м-н айкалышып өсөт. Кумдак жерлерде кызыл карагайлуу массивдер бар. Ортонку Германиянын бийик тоолорунда ж-а Альп тоолорунда бук токою бийиктеген сайын бук-көк карагайлуу, андан жогору карагайлуу токой м-н алмашат. Эӊ бийик тоо массивдеринде, о. эле Альп тоолорунда 2200–2800 м бийиктиктен жогору чөп өсүмдүктөрү, эӊилчектер ж-а мамык чөптөр өсөт. Гүл өсүмдүктөр өтө көп.
Г-нын табиятты коргоо б-ча эзелтен эле өзгөчө салттары болгон; мамл. ж-а жамааттык ири токой аянттарында аӊчылык ж-а токой кыюу жөнгө салынган. Өлкөдө миӊдеген коруктар, Батыш Германияда андан сырткары түрдүү ландшафттык аймактарда айрым улуттук парктар, а. и. Бавария Токоюна, Берхтесгаден Альп тоолорунда, Түн. деӊиздин ваттуу жээктеринде уюшулган. Кийинки мезгилде кислоталуу жамгырдан токой өтө жабыркап, Батыш Германияда атм-га зыяндуу заттарды чыгарууну чектеген чаралар көрүлгөн. Мис., азыркы жылуулук станциялардын бардыгы чаӊ, күкүрт диоксидин ж-а азот оксиди таштандыларын чыгарбоо б-ча чараларды көрүп, автомобилдердин бардыгы алардан чыккан газдардагы зыяндуу заттарды тосуучу атайын курулмалар м-н жабдылган. Мурдагы Германия Демократия Респ-сында (ГДР) ж-а ага чектеш Чехословакияда күрөӊ-көмүр көп жагылып, атм-нын өнөр жайлык булгануусун чектөө чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада токой, айрыкча ал өлкөлөрдүн чек арасындагы аймактарда өтө жапа чеккен. ГДР м-н ГФР кошулгандан кийин күрөӊ көмүр шахталары жабылып, чыгыш германиялык маркадагы автомобилдерди чыгаруу токтотулган. Азыр Г-да атм-га кетүүчү уулуу заттарды азайтуу ж-а көлмөлөрдү, агын сууларды тазалоо б-ча өтө кымбат экол. программаларды ишке ашыруу чаралары көрүлүүдө. Өлкөнүн аймагынын 31,7% коргоого алынган; мындай табигый аймактын саны 7,6 миӊден ашык. Алар 14 биосфералык резерват (жалпы аянты 1559 миӊ га), эл аралык маанидеги 31 суулуу-саздак жер (829 миӊ га), 15 улуттук парк (130 миӊ га), 87 табият паркы, табиятты коргоочу миӊдеген облустар (заказник режиминде), табият эстеликтери. Эоцендин флорасынын ж-а фаунасынын жер алдынан табылган калдыктары бар жерлер, Мускер ландшафттык парк Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген.
==Калкынын ==
91,5%ин немистер түзөт. Калгандары – цыгандар, даниялыктар, лужицалыктар, фриздер, голландиялыктар улуттук азчылык статусуна ээ. Калкынын 8%ке жакынын иммигранттар – Европадан ж-а АКШдан келгендер (италяндар, сербдер, герман-швейцариялыктар, поляктар, орустар, гректер, испандар, хорваттар, түрктөр ж. б. улуттар түзөт). Калкынын саны 1939-ж. 69,3 млнду, согуштан кийин 43 млнду, 2006-ж. 82,5 млнду түзгөн. Төрөлүү деӊгээли: 1000 адамга 8,25 бала (2006; дүйнөдөгү эӊ төмөнкү көрсөткүч), өлүм-житим 1000 адамга 10,62 адам (Батыш Европадагы айрым өлкөлөрдүкүнөн жогору, бул негизинен кары курактагы адамдардын көптүгүнө байланыштуу). Ал эми иммигранттарда төрөлүү жалпы өлкөнүн орт. көрсөткүчүнөн кыйла жогору. Өлкөдөгү демографиялык проблемалардын бири калктын картайуусу: улгайган курактагылар (65 жаштан жогору) 18,9%ти (европ. орт. көрсөткүчтөн кыйла жогору), 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 14,4%ти, эмгек курагындагылар (15тен 64 жашка чейинкилер) 66,7%ти түзөт. Орто эсеп м-н 100 аялга 96 эркек туура келет. Өмүрдүн орт. узактыгы 78,8 жаш (эркектердики 78,1, аялдардыкы 82,8 жаш, аялдардын жашынын орт. узактыгы б-ча дүйнөдө алдыӊкы орундардын бирин ээлейт). Калкынын орт. жыштыгы б-ча (1 км2 жерге 231 адам) Еропада 4-орунда (Нидерланд, Бельгия, Улуу Британиядан кийин). Шаар калкы 87% (Европада алдыӊкы орундардын бири). Ири шаарлары: Берлин Гамбург, Мюнхен. Г-нын, о. эле бүт Батыш Европанын калкы негизинен Рейнди бойлой жайгашкан. Иштегендер өлкөнүн калкынын 42,32 млнун, анын 65,6% тейлөө чөйрөсүндө, 31,9%и өнөр жайы м-н курулушта, 2,5%ти айыл, токой ж-а балык чарбаларында иштейт (2005).
==Тарыхы==
. Археол. маалыматтар б-ча Г-нын аймагында адам төмөнкү палеолитте, б. з. ч. 500–300 миӊ жыл мурун жашаган. Гейдельберг адамы (Мауэрде), неандерталдыктын (Неандерталь) калдыктары табылган. Б. з. ч. 3–2 миӊ жылдыкта Г-ны жердеген уруулар мал чарбачылык ж-а жер иштетүүчүлүк м-н кесиптенишкен. Г-нын аймагынын басымдуу бөлүгүн ээлеген байыркы герман уруулары б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын аягында Рим мамлекетинин кол салууларына дуушарланган. Римдин Рейн д-нан чыгыш аймактарды каратып алууга жасаган бир нече жолку аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 4–6-к-да көптөгөн уруулардын жер которуусу ж-а алардын жерг. уруулар м-н өз ара аралашуусунун натыйжасында германдардын жаӊы уруулук бирикмелери пайда болгон. Элдердин Улуу көчүүсү доорунда Г-да (Рейн, Эльба д. м-н Альпынын аралыгында) алеман, бавар, тюринг, сакс, фриз ж. б. уруулар отурукташкан. 6–8-к-да бул уруу союздарын франктар багындырып, Франк мамлекетинин курамына кошкон, ушул эле мезгилде герман урууларынын арасында христиан дини таркай баштаган. Франк мамлекети кулаганда (843-ж., Верден келишими) герман уруулары жашаган аймак өзүнчө бөлүнүп, Г. Чыгыш-Франк королдугунун (Людовик Немецкийге тийген) курамына кирген. Анын не-

гизинде 10-к-да өз алдынча Г. королдугу түзүлгөн. 962-ж. германдар Түн. ж-а Орто Италияны каратып, Оттон I Рим папасынан император титулун алып, Ыйык Рим империясы түзүлгөн; ал 1806-ж. чейин өкүм сүргөн. 10–15-к-дарда славяндар ж-а Балтика боюндагы элдер мекендеген бир топ аймактар каратылган. 11-к-дын аяк ченинен Г-да феодалдык мамилелер өөрчүп, шаарлар дүркүрөп өсө баштайт. Кээ бир шаарлар (Кёльн, Аугсбург, Майнц ж. б.) мурдагы рим сепилдеринен өсүп чыкса, кээ бирлери соода ж-а кол өнөрчүлүк кыштактары катары пайда болгон. 11-к-дын орто ченинде айрым феодалдар өз алдынча болууга умтулат. Ага немец феодалдарынын Чыгышка экспансиясы белгилүү даражада жардам берген. 12-к-да Фридрих I Барбароссанын бир нече ийгиликтүү жортуулдарынын натыйжасында Ыйык Рим империясынын аймагы кеӊейген. 13-к-дан баштап ири княздар көз карандысыз боло баштайт. Алардын өтө кубаттуулары (курфюрсттар) иш жүзүндө жалпы мамл. маанилүү иштерди чечишип, королду (императорду) шайлоого укуктуу болушкан. 16-к-дын баш ченинде Г-да католик чиркөөсүнө каршы коомдук кыймыл – Реформация башталган. Бул мезгилде Дыйкандар согушу (1524–26) чыгып, Түш.-батыш ж-а Борб. Г-га жайылган. Княздар реформацияны өз мүдөөсүнө пайдаланып, чиркөө жерлери м-н чиркөөнү бүт бойдон баш ийдиришкен. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында соода жолдорунун Жер Ортолук деӊизден Атлантикага которулуусу Г-нын экономикасына терс таасирин тийгизген. 1618–48-ж-дагы Отуз жылдык согуш Г-нын абалын андан ары начарлатат. Вестфалия тынчтыгы (1648) Г-нын бытыранды болушун юрид. жактан бекемдеген. Анын аймагы 300гө жакын княздыкка бөлүнөт. 17–18-к-да эли немец тилинде сүйлөгөн эки ири мамлекет – Австрия м-н Пруссия күч ала баштайт. Рев-ядан чочулаган немец феодалдары м-н княздары биргелешип, рев-ячыл Францияга каршы чыгат. 1792-ж. апрелде Австрия – Франция согушунун башталышы Австрия м-н Пруссия биригүүсүнө алып келет. Бирок француз армиясы алардын күчүн талкалап, 1795-ж. Пруссия Франция м-н сепараттык тынчтыкка кол коёт. 1803–04-ж. Наполеон Iнин аракети м-н Г-дагы майда мамлекеттер жоюлат да, ири княздыктар (Австрия м-н Пруссияга каршы пайдалануу үчүн) түзүлөт. 1806-ж. Пруссия Франция м-н кайра согушуп, дагы жеӊилет. Ушул жылы Наполеондун протектораттыгы м-н Рейн союзу (16 немец мамлекети кирген) түзүлөт. Наполеондун бийлиги кулагандан кийин, Вена конгрессинин (1814–15) чечими м-н Австрия башчылык кылган Герман союзу (ага 39 немец мамлекети кирген) түзүлүп, анда Австрия башчылык кылган. Г-да 1848–49-ж. бурж.-демокр. рев-я болуп өтөт. Бул рев-я өлкөнү бириктирүү максатын көздөгөн. Рев-янын жеӊилиши Г-нын «жогортон» зордук м-н биригишин шарттайт. 1862-ж. Помераниялык юнкер О. Бисмарк канцлердикке дайындалып, Г-ны «темир жана кан» м-н бириктирүү жолуна түшөт. Пруссиянын Дания (1864), Австрия (1866), Франция (1870–71) м-н согуштары Г-ны бириктирүүгө алып келет. 1871-ж. Г. империясы түзүлүп, Пруссиянын королу Вильгельм I император деп жарыяланган. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Г. экон. жактан тез өнүгүп, экон. көрсөткүчтөрү б-ча Европада биринчи орунга чыгат. Г. Африкада бир нече колонияларды басып алат. Герман империализми башка империалисттик державалар бөлүп алган жер шарын кайра бөлүштүрүүгө умтулуп, анын агрессиячыл саясаты 1-дүйнөлүк согушка (1914–18) алып келген. Бул согушта Г. ж-а анын союздаштары (Үчтүктөр союзу) жеӊилүүгө учурап, Версаль тынчтык келишиминин (1919) шарттары б-ча колонияларынан ж-а аймагынын бир бөлүгүнөн ажыраган. 1918-ж. ноябрда Г-дагы рев-янын жыйынтыгында монархия кулатылып, 1919-ж. 31-июлда Веймар Респ-нын түзүлүшү жарыяланган. Версаль тынчтык келишиминин оор шарттары, 1929–33-ж-дагы дүйнөлүк экон. кризис Г-нын абалын начарлаткан. 1933-ж. Г-да Гитлер фашисттик диктатураны орнотуп, милитаристтик саясатты баштаган. Г. Япония м-н «Антикоминтерндик пактыны» (1936) түзүүгө демилгечи болгон, 1937-ж. ага Италия кошулган. 1936–39-ж. гитлердик Г. ж-а фашисттик Италия респ. Испанияга каршы интервенция жасаган. 30-жылдары Г. коӊшу мамлекеттерге каршы багытталган агрессия жолуна түшкөн. 1938-ж. мартта Австрияны (аншлюс), 1938–39-ж. Чехословакияны басып алган. Гитлердик Г. 1939-ж. 1-сентябрда Польшага кол салып, 2-дүйнөлүк согушту баштайт. 1940-ж. гитлерчилер Дания, Норвегия, Люксембург, Бельгия, Голландияны басып алып, Францияны багындырган. Алар 1941-жылдын башында Грекия м-н Югославияны караткан. Ал эми 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. 1945-ж. 8-майда фашисттик Г. антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттерге багынып берди. Натыйжада өлкө 4 зонага (сов., амер., англ., фр.) бөлүндү. Потсдам конференциясында (1945) 4 держава Г-да демилитаризациялоо, денацификация ж-а демократиялаштыруу жүргүзүүгө милдеттенишкен. 1946-ж. 2-декабрда АКШ м-н Улуу Британия өздөрү оккупациялап турган зоналарын бириктирүү («Бизония») келишимине кол коюшту. 1948-ж. Батыштагы державалар өз зоналарын бириктирүү ж-а батыш Г-да сепараттык мамлекет түзүү чечимин кабыл алышты. 1949-ж. өлкө эки бөлүккө бөлүнүп, батышта – Германия Федерация Республикасы (ГФР, борбору – Бонн ш.) ж-а чыгышта – 1949-ж. 7-октябрда сов. аскерлер турган аймакта Германия Демократия Республикасы (ГДР, борбору – Берлин ш.) түзүлгөн. Эки герман мамлекети бири-бирине каршы аскердик-саясий союздарга кирген ж-а эки башка өнүгүү жолуна түшкөн. АКШнын колдоосу м-н ГФРдин экономикасы тез өнүккөн. 1949–63-ж. ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталды. Бул мезгилде ГФР бир топ экон. ийгиликтерге жетишти. Г. алдыӊкы өлкөлөрдүн катарына чыкты. В. Брандт (1969–74) ж-а Г. Коль (1982–99) жетектеген мезгилде ГФР Батыш Европа мамлекеттери м-н саясий ж-а экон. интеграциялануу процессин жүзөгө ашырды. Ал эми соц. өнүгүү жолун тандаган ГДР коӊшу мамлекеттен өнүгүү деӊгээли б-ча бир топ артта калган. Анын жарандары ГФРге массалык түрдө өтө баштаган. 1961-ж. эки герман мамлекеттин ортосуна тосмо – Берлин дубалы орнотулган. 1982-ж. канцлердик постту Г. Коль ээлеген. 1990-ж. 3-октябрда ГФР ж-а ГДР биригип, Берлин ш. бириккен Г-нын борбору деп жарыяланган. 1998-ж. парламенттик шайлоодо ГСДП жеӊип чыгып, лидери Г. Шрёдер канцлер болуп дайындалган. Тышкы саясатта Г. 2002-ж. АКШнын Иракка кол салуусуна каршы чыккан. 2005-ж. аялдардан биринчи жолу шайлоонун жыйынтыгы м-н А. Меркель ГФРдин федералдык канцлери болуп шайланды.
Фукусима-1 атомдук электр станциясындагы авариядан кийин Германиянын коомчулугу Германияда атомдук энергетиканын иштешине каршы чыккан. Буга жооп кылып, Меркель жакынкы он жылдыкта өзөктүк тутумду өчүрүп, көмүр ж-а жаратылыш газынан тышкары, шамал ж. б. альтернативдүү энергия булактарына таянуу пландарын жарыялады. 2015-ж. өлкө миллиондон ашуун качкындарды ж-а мигранттарды кабыл алып, мигранттарды салык кирешелерине ж-а калктын тыгыздыгына жараша федералдык штаттарга бөлүштүрүп берген квота системасын иштеп чыккан. Кырг-ндын ГФР м-н байланышы системалуу ж-а туруктуу өнүгүүдө. Г. – Кырг-нга негизинен тех. ж-а финансылык жардам көргөзгөн мамлекеттердин бири. О. эле аскердик-саясий, билим берүү-гуманитардык, социалдык-экон. биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.
==Экономикасы. ==
Г. – өнүккөн индустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү б-ча (2019-ж. 3,862 трлн доллар) дүйнөдө 5- (АКШ, Кытай, Япония, Индиядан кийин), Европада 1-орунда, аны киши башына бөлүштүргөндө (30 миӊ доллар чамасында) дүйнөдө 18-, Европада 13-орунду ээлейт. Саны б-ча кичи ж-а орто бизнестеги ишканалар басымдуулук кылып, анда ИДПнин 49% өндүрүлөт. Ал эми ИДПнын 51% өлкөгө ж-а чет элдик капиталга таандык ири компаниялар түзөт (2003).
Өнөр жайында ж-а курулушта Г-нын ИДПсинин 28,6%и түзүлөт. Г. индустриясы сатуу наркы (550 млрд доллар чамасында; 2004) б-ча дүйнөдө 3-орунду (АКШ, Япониядан кийин) ээлейт. Өнөр жай өндүрүшүнүн структурасында иштеп чыгаруу индустриясынын тармактары үстөмдүк кылат.
Башкы өнөр жай тармактары – машина куруу (айрыкча жалпы ж-а транспорттук, электр.-тех. ж-а электроника өнөр жайы, так механика ж-а оптика) ж-а химия (фармацевтика, резина

Рейн дарыясынын өрөөнүндөгү өнөр жай зонасы.

тех. кошо); эски тармактардан тамак-аш (а. и. суусундук, тамеки ж. б.), целлюлоза-кагаз ж-а жыгач иштетүү, полиграфия өнөр жайлары өзгөчөлөнөт.
Өлкөнүн отун-энергетикалык структурасында нефть ж-а нефть продуктусу 39%ти, көмүр (таш ж-а күрөӊ көмүр) 25%ти, табигый газ 22%ти, ядро энергиясы 12%ти, гидроэнергия ж. б. калыбына келүүчү энергия (негизинен шамал энергиясы) 2%ти түзөт. Көптөгөн батыш өлкөлөрдөй эле Г-да импорттук энергияга өтө көз каранды. Энергияга болгон муктаждыктын 74%ин импорт камсыз кылат (2005). Өзүнөн нефть аз (2005-ж. 3,7 млн т ) казылып алынат. Газ казып алуу б-ча Европада Россия, Улуу Британия, Норвегия, Нидерланддан кийинки 5-орунду ээлейт; экономикасынын газга болгон муктаждыгынын 1/5 бөлүгүн гана камсыз кылат. Табигый газды негизинен Россиядан, Норвегиядан, Нидерланддан, Польшадан, о. эле Түндүк деӊиздин британиялык ж-а даниялык секторлорунан алат. Газ ж-а нефть кендери Түн. Г. ойдуӊунда, Альп өндүрүндө жайгашкан. Г. 2005-ж. 112,2 млн т нефть сырттан сатып алган, анын 29% Россияга, 18% Норвегияга, 13% Улуу Британияга, 33% (Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмуна (ОПЕК) мүчө мамлекеттерге (а. и. 11% Ливияга) таандык.
Таш көмүр өнөр жайы мурда өлкөнүн экономикасында өтө маанилүү болсо, 1950-жылдардын ортосунан ал кризистик абалда. Көмүр казып алуу жылдан жылга төмөндөөдө (1955-ж. 72 млн т казып алынса, 2005-ж 25 млн тга гана жеткен). Көмүрдүн 93% Европадагы эӊ ири Рур (Түн. Рейн-Вестфалия жеринде), 7% Саар көмүр бассейндеринен казып алынат. Рур көмүр кенинин базасында континенттик Европадагы ири металлургия, машина куруу, электр-энергетика, химия индустриясы түзүлгөн, «RAG AG» компаниясы Рур бассейнинде өндүрүлгөн көмүрдүн 95%ин көзөмөлдөйт. Мурда таш көмүрдү экспорттоочу өлкө азыр көмүрдү сырттан (Польша, ТАР, Австралия, АКШ, Колумбиядан, о. эле Россия, Кытайдан) сатып алууда. Г. күрөӊ көмүрдү казып алуу б-ча (2003-ж. 181,7 млн т) дүйнөдө 1-орунда турат. Ал негизинен электр-энергетика ж-а химия өнөр жайларында пайдаланылат. Күрөӊ көмүрдүн негизги кендери – Төмөнкү Рейн, Ортоӊку Германия, Төмөнкү Лауз бассейндеринде. Кен ачык жол м-н казылып алынат.
Өлкөдө нефтини кайра иштеп чыгаруучу 17 завод бар; алардын кубаттуулугу б-ча Г. Европада 3- (Россия, Италиядан кийин), дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Мурда «Достук» кууру аркылуу ГДРди СССР нефть м-н камсыз кылып турган. Нефтини кайра иштетүүнүн негизги борборлору: Гамбург, Ингольштадт, Карлсруэ, Гельзенкирхен ж-а Кёльндин чет-жакалары.
Электр-энергиясынын аныкталган кубаттуулугу 118 миӊ МВт (Европада 2-, дүйнөдө АКШ, Кытай, Япония, Россиядан кийин 5-орунда). Анын 519,5 млрд кВт . с өлкө ичинде пайдаланылат. Өндүрүлгөн энергиянын 63% ЖЭСке, 30% АЭСке, 4% ГЭСке, 3% башка типтеги электр станцияларына (а. и. 2,5% шамал электр курулмасына) туура келет. ЖЭСтер негизинен таш көмүр (28%) ж-а күрөӊ көмүрдү (25%), о. эле табигый газды (9%), мазутту (1%) пайдаланат. АЭСтен электр энергия өндүрүү б-ча Г. дүйнөдө 4-орунду (АКШ, Франция, Япониядан кийин) ээлейт. Батыш жерлеринде 14 АЭС (кубаттуулугу 21 миӊ МВтдан ашкан 19 генератор) иштейт. Ядро отунун алуу үчүн Г. сырттан уран рудаларын (негизинен Канада, Австралия, Нигерден), уран концентратынын чала продуктусун (урандын гексафторидин – Канададан, Франциядан, Улуу Британиядан) алат. Г-нын гидроэнергия ресурстары чамалуу гана, ыӊгайлуулары пайдаланылууда. Эӊ ири ГЭС – «Witzan», анын кубаттуулугу 200 МВт. ГЭСтери негизинен Альп тоолорундагы ж-а анын өндүрүндөгү дарыяларга курулган. Г. – энергиянын альтернативалуу булактарын пайдалануу б-ча дүйнөдөгү алдыӊкы өлкөлөрдүн бири. Түндүк деӊиздин жээгинде Европадагы эӊ ири шамал электр курулмалар паркы бар; алардын кубаттуулугу б-ча (15 миӊ МВт) Г. дүйнөдө 1-орунду ээлейт.
Кара металлургия – Г. индустриясынын эски тармактарынын бири. Ал Рур, Саар бассейндериндеги коксталуучу көмүрдүн ж-а Лотарингия темир кенташынын базасында өнүккөн. 21-кдын башталышынан бул тармак импорттук сырьёлорду пайдаланууга өттү. Г. темирди негизинен Бразилия, Австралия, Либерия, Венесуэла, Канада, Кытайдан, өлкөнүн түндүгүндөгү заводдору Швециядан алат. О. эле металл сыныктары да кеӊири пайдаланылат. Өндүрүлгөн чоюн дээрлик өлкөнүн ички муктаждыгы үчүн пайдаланылат) ж-а болот (46,4 млн т) өндүрүү б-ча Г. Европада 2-, дүйнөдө 6-орунду (Кытай, Япония, АКШ, Россия, Түш. Кореядан кийин) ээлейт. Өнөр жай ишканаларынын көбү (болот эритүүнүн 70%ке жакыны) Рур индустриялуу районунда жайгашкан. Металлургиянын ири борборлору: Дуйсбург (толук циклде иштеген 3 комбинаты бар), Дортмунд, Бремен, Зальцгиттер, Оснабрюк, Чыгыш Г-да – Айзенхюттенштадт. Г.– болот экспорттоочу башкы мамлекет ал дээрлик прокат ж-а труба түрүндө сыртка сатылат; ошол эле убакта кара металлургиянын продукциясынын көп түрү сырттан сатылып алынат.
Түстүү металлургиясынан (негизинен сырттан алынган сырьё м-н иштеген) алюминий өнөр жайы өзгөчөлөнөт. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2003-ж. 0,5 млн т чамасында) б-ча Батыш Европада Норвегиядан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунду ээлейт. Ири ишканалары Рейн Вестфалия р-нунда (өндүрүшүнүн 1/2 нен ашыгы); негизги борборлору: Эссен, Нойс, Ферде. О. эле жез, коргошун (Батыш Европада 1-орунда), цинк өндүрүлөт.
Машина куруу – индустриянын негизги тармагы; ал металл иштетүү м-н кошо өнөр жай продукциясынын дээрлик 1/2 бөлүгүн берет. Сатуу көлөмү б-ча дүйнөдө АКШ, Япониядан кийинки 3-орунду ээлеп, өлкөнүн товардык экспортунун 1/2 бөлүгүнөн ашыгын камсыз кылат. Машина куруунун ири тармагы – жалпы машина куруу (өнөр жайында иштегендердин 15%; сатуу көлөмүнүн 11%ке жакыны). Бул тармакта негизинен чакан сериялуу өндүрүштү кесиптенген 4,5 миӊ фирма иштейт. Г. cтанок чыгаруу б-ча дүйнөдө 2-орунда туруп, анын 50%тен ашыгын сыртка сатат; алардын ичинен дүйнөлүк рынокто аспаптык ж-а текстиль станоктору, жыгач иштетүү жабдуулары, пластмасса өндүрүштөрү өтө жогору бааланат. Оор машина куруу өнөр жайы оор машиналарды, крандарды, тоо-шахта ж-а энергетика жабдууларын, оор электр-техникасын, о. эле металлургия заводдору үчүн жабдууларды чыгарат. Ишканаларынын көбү Рур индустриялуу районунда.
Автомобиль өнөр жайы – эл аралык германиялык машина курууга адистешкен негизги тармактардын бири. Жалпы автомобиль чыгаруу б-ча дүйнөдө дүйнөлүк автомобилдин 30%) үчүнчү (АКШ, Япониядан кийин), жеӊил автомобилдерди чыгаруу б-ча Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. О. эле жүк ташуучу жеӊил, оор жүк ташуучу машина, автобус чыгарат. Г-дан чыккан белгилүү жеӊил автомобилдер: Volkswagen, BMW, Opel, Audi, Mercedez-Benz Машина куруу комбинаттарында кубаттуу локомотивдер м-н кошо атайын максаттагы автомобилдер, дизель, машина куруу продукцияларын, брондолгон танк техникасын (НАТО үчүн «Леопард» танкасын) ж. б. чыгарат.
Авиация ж-а ракета-космостук өнөр жайы гражд. ж-а аскердик самолётторду, вертолёт, о. эле ракета ж-а спутник, радар системаларын, авиация ж-а ракета кыймылдаткычтарын чыгарат. Кеме чыгаруу б-ча Түш. Корея, Япония ж-а Кытайдан кыйла кийинки, ал эми Европада алдыӊкы, орунду ээлейт (21-к-дын башталышында жылына 0,8 млн рег.-бр. т). Анын 60% экспортко чыгарылат. Электр-тех., электрондук ж-а прибор куруу өнөр жайы, о. эле кеӊсе машиналарын куруу, офис жабдууларын чыгаруучу тармактары тез темп м-н өнүгүүдө. Г. электр-тех. ж-а электрондук жабдууларды экспортоочу негизги өлкөлөрдүн бири; анда робот-техникаларды, АЭС үчүн реакторлорду да чыгарат. Г. электрондук өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү ж-а өнүгүү деӊгээли б-ча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунду ээлейт, бирок АКШ м-н Япониядан кыйла артта.
Химия өнөр жайы (фармацевтика ж-а радиотех. кошо) Г- нын чарбалык адистешүүсүнүн маанилүү тармагы болуп саналат. Өндүргөн продукциясынын көлөмү б-ча Г. Европада 1-, дүйнөдө 3-орунду ээлейт; химикаттарды экспорттоо б-ча

Людвигсхафендеги ВАSF комбинатынын аймагы.

дүйнөдө алдыӊкы орунда. Токой ж-а жыгач иштетүү өнөр жайы, курулуш материалдар ж-а айнек-карапа өндүрүү да өнүгүүдө. Жеӊил өнөр жайынын дүйнөлүк рыноктогу эрегиштиги өтө курч (кездеме, килем, трикотаж, спорттук кийимдер, булгаары-бут кийим ж. б.). Полиграфия өнөр жайы өнүккөн. Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен Г. пивосу ж-а тамеки продукциясы б-ча өзгөчөлөнөт. Пиво өндүрүшүнүн көлөмү б-ча 4000ден ашык сорту бар) Г. Европада 1- , дүйнөдө 3-орунду (Кытай, АКШдан кийин) ээлейт; 2 миӊден ашык пиво заводу иштейт. Пиво өндүрүшүнүн 1/4 Бавариядан, 1/5 Түн. Рейн-Вестифалияда. Шарап чыгаруу б-ча дүйнөдө 6–8-орундарды ээлейт. Эт өндүрүү өнөр жайында (колбасанын түрлөрү ж. б.) чочко этин иштетүү (Европа шериктештигинде 1-орунда) өзгөчөлөнөт. О. эле жууган май, маргарин, быштак, балык продуктуларын, консерва ж. б. продукцияларды да чыгарат. Шоколад чыгаруу б-ча Г. Швейцария, Нидерланд м-н кошо Европада үч алдыӊкы орунду ээлейт.
Айыл чарба өндүрүшүнө (токой ж-а балык чарбалары кошо) ИДПнин 1,1% ж-а иштегендердин 2,8% туура келет (2004). Агрардык сектордо иштегендердин ж-а дыйкан чарбаларынын саны жылдан жылга кыскарууда. Г-нын а. ч. өтө ургаалдуулугу м-н өзгөчөлөнөт. А. ч. продукциясын өндүрүүчү дүйнөдөгү алдыӊкы он өлкөнүн ичине кирет (дүйнөлүк көлөмдүн 2,3%); Европада Франция, Италиядан кийин 3-орунда ж-а азык-түлүктүн көлөмү б-ча (2,0%, Франциядан кийин) 2-орунда. Агрардык продукциянын дүйнөлүк соодасында Г. алдыӊкы орундардын бирин (экспорт б-ча АКШ, Франциядан, импорт б-ча АКШдан кийин) ээлейт. Г. азык-түлүккө болгон муктаждыктын 90%ин өзү камсыз кылат, ал эми жетишпеген а. ч. продукциясын (негизинен тропиктик ж-а субтропиктик мөмө-жемиштерди, жашылчанын айрым түрлөрүн, чай, кофе, какао ж. б.) импорттон толуктайт.
А. ч-га жарактуу жери (17,0 млн га) жер фондусунун 54,7%ин ээлейт, анын 68,3% айдоо жер, 30,4% шалбаа, жайыт, жаӊы көчөттөр, 0,7% бак-дарак ж-а огород, 0,6% жүзүмзар. Жер фондусунда а. ч-га жарактуу жердин үлүшү кыскарып, токой-паркы ээлеген жерлер кеӊейип баратканы байкалган. Г-нын батыш жерлеринде фермер чарбалары басымдуу, чыгышында бир жактуу адистешкен мамл. «элдик ишканалар» ж-а өндүрүштүк кооперациялар бар. Г-да а. ч. ишканаларынын орт. өлчөмү (2003-ж. 32 га) б-ча батыш (19 га) чыгыш жерлеринин (100 га) ортосунда айырма зор. Г. – а. ч-на техниканы колдонуу б-ча (1000 га айдоо жерге 80 трактор туура келет) дүйнөдө алдыӊкы өлкөлөрдүн бири. А. ч-н химиялаштыруу деӊгээли да жогору, бирок прогрессивдүү экол. таза технологияны киргизүүгө байланыштуу минералдык жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жылга кыскарууда (1990-ж. 3,4 млн т, 2003-ж. 2,6 млн т пайдаланылган). А. ч-нын башкы тармагы – мал чарбасы (а. ч. продукциясынын жалпы көлөмүнүн 67%). Анын негизи – уй чарбасы (а. ч. өндүрүшүнүн 40%). Бодо малынын саны б-ча Европада Франциядан гана кийин турат. Сүт ж-а сүт-эт багытындагы мал чарбасынын мааниси зор. Сүт өндүрүү бир уйдан жылына 6 т дай сүт саап алынат) б-ча Европада 1-, дүйнөдө 4-орунду ээлейт; сүт продукциясынын бир бөлүгүн экспортко чыгарат. Чочконун саны (26,3 млн) б-ча Европада 1-, дүйнөдө Кытай, АКШ, Бразилиядан кийин 4-орунда. Куш ж-а кой (2,7 млн) чарбалары да өнүккөн. Г. эт өндүрүү б-ча Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда турат.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк (агрардык продукциянын 33%ке жакыны) көбүнчө мал чарбасынын муктаждыгына байланыштуу; тоют ж-а чөп өсүмдүктөрү себилген аянт азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн кыйла кенен; алар – дан ж-а дан-буурчак, картошка, тамыры тоют ж-а чөп (беде, люцерн ж. б.) өсүмдүктөрү, тех. өсүмдүктөр (рапс, кант кызылча ж. б.); о. эле жашылча, мөмө-жемиш, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Дан эгининин дүӊ жыйымы б-ча Г. Европада Франциядан кийинки 2-, дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Г. азыктык дан м-н өзүн толук камсыз кылат; ал эми тоюттук дандын кыйла бөлүгүн сырттан сатып алат. Негизги дан эгини – буудай (жыйымы б-ча Европада Россия м-н Франциядан кийинки 3-орунда; андан сырткары арпа (11,0 млн т; Россиядан кийин 2-орунда; айрым сорттору пиво жасоого пайдаланылат), кара буудай (3,7 млн т); о. эле жүгөрү (3,7 млн т; жашыл тоют ж-а силос үчүн), сулу (1,0 млн т; дүйнөдө 7-орунда). Кулмак (хмель) жыйноо б-ча дүйнөдө 1-орунду ээлейт.
Токой чарбасында жыгач даярдоо эмес, токойду калыбына келтирүү, өлкөнүн токой фондусун сактоо, токойдун сапатык курамын жакшыртуу маанилүү болуп саналат. Балык чарбасы ички муктаждыкты канааттандыра албайт. Деӊиз балыгы (негизин треска, сельдь), рак сымалдар, молюска; тузсуз суулардан да балык кармалган. Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн ири экон. сектору анда иштегендердин саны тынымсыз өсүүдө. Тейлөөнүн жалпы көлөмү ж-а аны экспорттоо б-ча дүйнөдө 3-орунду ээлейт.
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары: ишкердик ж-а кесиптик жактан тейлөө финансылык тейлөө, транспорт ж-а байланыш (6,7%), дүӊ ж-а чекене соода (9,6%), мейманкана бизнеси ж-а туризм инфраструктурасы (2,3%), илим, билим ж-а саламаттыкты сактоо (11,7%) ж. б. тейлөө түрлөрү (9,9%).
Г. – дүйнөдөгү эӊ жыш ички транспорттук коммуникациясы бар өлкө. Жүк ж-а жүргүнчү ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. Ички жүктүн 66% автотранспорт, 17% темир жол, 13% ички суу жолу, 3,5% куур транспорту, 0,5% деӊиз каботажы м-н ташылат. Жүргүнчүлөрдүн 90% автотранспорт, 6% темир жол, 4% транспорттун башка түрлөрү (авиация, ички суу жолу, деӊиз ж. б.) м-н ташылат. Автомобиль жолунун уз. 231,6 миӊ км (2004). Г-да 50 млн автомобиль бар, анын 44,9 млну жеӊил машина (Европада 1-орунда). Калкынын жеӊил машина м-н камсыз болушу (1000 адамга 544 жеӊил машина туура келет) б-ча дүйнөдө алдыӊкы орундардын бирин ээлейт. темир жолунун уз. 47,2 миӊ км анын 19,7 миӊ кми электрлештирилген (2005); темир жолунун жыштыгы б-ча Европада Бельгия, Люксембургдан кийин 3-орунда. Жогорку ылдамдык үчүн автомобиль ж-а темир жолдору бар. Г-нын деӊиз порттору аркылуу жылына 250 млн тга жакын жүк ташылат; каботаждык жүк ташуусу 5–8 млн т. Өлкөнүн деӊиз соода флотунун негизин 396 чоӊ кеме түзөт; алардын ар биринин суу сыйымдуулугу 1000 рег.-бр. т. Алар жүргүнчүдөн сырткары контейнер, химикат, нефть, суюлтулган газ (танкерлер м-н) ж. б. ташыйт.

Килдеги кеме верфи.

О. эле Г-нын кеме ээлерине жалпы суу сыйымдуулугу 2,5 млн рег.-бр. т болгон 2300 кеме таандык; алар негизинен Либерия, Панама, Кипр ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н жүрөт. Г. флотунун курамында 13 паром да бар; алар негизинен Скандинавия өлкөлөрү м-н байланыштырат. Эӊ ири деӊиз порту: Гамбург (жүк ташуусу б-ча Европада Роттердамдан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунда турат); башка маанилүү порттору Бремен-Бремерхафен (порт түйүнү), Росток, Эмден, Любек, Киль; Г-нын нефть порту – Вильгельмсхафен. Ички суу жолунун өлкөнүн экономикасында мааниси зор (анын уз. 7467 км; 2005). Дарыялар, каналдар ж-а көлдөр аркылуу жыл сайын 270 млн тга чейин жүк ташылат (анын 2/3 синен ашыгы мамлекеттер аралык жүктөр). Жүктүн 65%тейи Европанын дарыя транспортунун артериясы болгон Рейн аркылуу ташылат. Дарыя каналдар системасы да өнүккөн; алар: Майн – Дунай (жалпы европ. мааниде; Түндүк деӊизди Кара деӊиз м-н байланыштырат); Орто Германия каналы (Түндүк деӊизге куйган ири дарыялардын, а. и. Рейн, Эльбанын алаптарын бириктирет); Рур каналдары (Рурдун индустриялуу борборлорун Рейн м-н байланыштырат), Дортмунд – Эмс, Эльба каналдары (Төмөнкү Саксониянын өнөр жайлуу борборлорун Гамбург м-н түз байланыштырат). Киль каналы (Түндүк ж-а Балтика деӊиздерин туташтырат) аркылуу дарыя ж-а деӊиз кемелери жүрөт. Авиатранспортунун эл аралык, айрыкча жүргүнчү ташууда мааниси өтө зор. Авиапаркында 1,4 миӊ самолёт бар, анын 377си жүргүнчүлөрдү ташуучу лайнер. Өлкөдө 552 аэропорт ж-а аэродром, 33 вертолёт аэродрому бар, 16 аэропорт эл аралык статуска ээ. эл аралык эӊ ири аэропорттору: ФранкФурт-на-Майне (Европада жүк ташуусу б-ча 1-, жүргүнчү ташуусу б-ча Лондондон кийин 2-орунда; жылына 40 млндон ашык авиажүргүнчү ташылат), Мюнхен, Гамбург, Кёльн-Бонн, Дюссельдорф, Берлин ж. б. Нефть куурунун жалпы уз. 3540 км, нефть-продукт кууру 3827 км, газ кууру 25293 км (2004). Негизги нефть куурлары: Трансальм – Лавера (Марсель) – Карлсруэ – Ингольштадт, Генуя – Ингольштадт ж-а Триест – Ингольштадт, Роттердам – Рейн (Кёльнга чейин), Вильгельмсхафен – Кёльн. «Достук» нефть кууру аркылуу Россиядан нефть, ири газ куурлары аркылуу Россиядан (Польша, Чехиянын аймактары аркылуу), Нидерланддан, Түндүк деӊиз жээгинен газ алат. Түн. Европадан газ кууру (Выборг – Грайфсвальд; Балтика деӊизинин түбү м-н) курулду.
Г. сырткы соодасынын көлөмү б-ча дүйнөдө 2-орунда: 21-к-дын башында дүйнөлүк товардык экспорттогу үлүшү 10–11%ти, импорттогусу 9–10%ти түздү. Экспортунун ж-а импортунун товардык структурасында даяр продукциялар үстөмдүк кылат. Экспортунда даяр продукциялардын үлүшү 86%, анын 60%ин товардык 5 топ берет: автомобиль куруу, хим. индустрия, жалпы машина куруу, электр-тех. ж-а электроника, так механика ж-а оптика өнөр жай продукциялары; о. эле азык-түлүк, полуфабрикаттар, отун, сырьё. Транспорттук машина куруу продукцияларынан – жеӊил ж-а жүк ташуучу автомобилдер, авиация техникалары, автомобиль ж-а авиация кыймылдаткычтары, о. эле темир жолдун кыймылдуу бөлүктөрү, деӊиз кемелеринин айрым түрлөрү сыртка сатылат. Г. – азык-түлүк, тамеки, жеӊил өнөр жай продукцияларын (кийимди экспорттоо б-ча дүйнөдө Кытай ж-а Италиядан кийинки 3-орунда) экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат. Импортунун структурасында 71%ти даяр продукциялар (транспорт каражаттары, машина ж-а жабдуулар, химикаттар, металлдар, текстиль), 9%ти азык-түлүк, 8%ти полуфабрикаттар, 8%ти отун, 4%ти сырьё түзөт. Сырткы соодасынын 70%тен ашыгы европ. өлкөлөргө таандык. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Улуу Британия, Италия, Нидерланд, Бельгия, Австрия, Швейцария, Испания, о. эле Япония, Кытай, Россия. Г. дүйнөгө товарларды гана экспорттобостон, о. эле капиталды ж-а түрдүү (транспорттук, ишкердик, финансы, камсыздандыруу, соода-далдалчылык, информ., рекреациялык) тейлөөлөрдү да экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат. Ө. Бараталиев.
==Маданияты. ==
Билим берүү системасы акысыз, борборлошпогон. Окуу 6 жаштан 18 жашка чейин милдеттүү. Орто мектептер негизги, реалдык, гимназия, бириккен болуп бөлүнөт. ЖОЖдорго өтпөй калган орто мектепти бүткөндөр үчүн (18 жашка чейинкилер) милдеттүү кесиптик билим берүү көптөгөн кесиптик окуу жайларында ишке ашырылат. 2003-ж. 9,5 миӊ кесиптик окуу жайынан 2,7 млн окуучу билим алышкан.
ЖОЖдор ун-ттер, мед., филос., спорттук коллеждер кирет. Эски ЖОЖдор: Берлиндеги Гумбольдт ун-ти, Гейдельберг ун-ти, Кёльн ун-ти, Лейпциг ун-ти, Мюнхен ун-ти, Гёттинген унти, Тюбинген ун-ти (1477), Мюнстер ун-ти (1780), Бонн ун-ти (1818). техн. ун-ттер: Брауншвайга (1745), Берлин (1946), Дрезден (1828) ж. б.
Ири ил. мекемелери: Берлин-Бранденбург илимдер академиясы, «Леопольдина» академиясы, иск-во академиясы (1696), Берлин социалдык ил.-из. борбору ж. б. Г-да 12 миӊ элдик ж-а 1 миӊ ил. китепкана иштейт.
Дойче Пресс Агентур – ири маалымат агентчилиги (1949-ж. негизделген) бар. Биринчи гезит 1609-ж. чыккан. 2004-ж. 355 гезит (анын 135 күн сайын), 780 жакын журнал басылып чыккан. Радиоуктуруусу 1923-жылдан, телекөрсөтүүсү 1935-жылдан иштейт.
Байыркы герман фольклорунан бизге жеткени – «Хильдебрант жөнүндө ыр» (810-ж.), «Мерзебург өрөөндөрү» (10-к.) сыяктуу адабий эстеликтер. Элдик өнөрпоздор деп аталышкан шпильмандар – 12–13-к-да байыркы германдардын баатырдык эпосторун жаратышкан ж-а элдик оозеки поэзиянын салттарын улантышкан. «Нибелунгдар тууралуу ыр» (1200-ж. чыккан) аттуу эпосу Европанын фольклор тарыхында көркөмдүгү, мазмундуулугу м-н өзгөчөлөнгөн. Эпос байыркы «Аттила» («Едил») дастанынын негизинде жазылган. Вольфрам фон Эшенбахтын «Парцифаль» (1198–1210-ж. чен) ж-а Готфрид Страсбургдун «Тристан жана Изольда» (1210-ж. ченде) деген романдары жаралган. 14-к-дан Г. жазма ад-ты пайда болуп, драмалык чыгармалар жазыла баштаган. Ф. Хеммерлин (1398–1460), М. Лютер (1483–1546), Ганс Сакстын (1494–1576) чыгармалары – немец ад-тындагы гуманизм доорунун эстеликтери. Кайра жаралуу доорунда (16-к.) өнүккөн гуманисттик ад-т динге каршы багыттагы чыгармаларды (У. фон Гуттен ж. б. гуманисттер бирге жазган «Түркөй адамдардын каттары», 1515–17; Эразм Роттердамский, «Акмакты мактоо», 1509) жараткан. 17-к-дын ад-ты диний кризистин башталыш учурунда өнүккөн. Акын М. Опиц (1597–1639) классицизм принцибин жактаган («Немец поэзиясы жөнүндө китеп», 1624). 17-к-дагы немис ад-тынын туу чокусу – X. Я. Гриммельсхаузендин «Симплициссимус» (1669) чыгармасы барокко ад-ты кеӊири тараган учурда жазылган. М. Опиц (1597–1639), Г. Векерлин (1584–1653) улуттук ад-тта классицизмди өнүктүрсө, Х. Гриммельсхаузен (1621–76), И. К. Готшед (1700–66) ж. б. агартуучулук багытында болушкан. Лессинг (1729–81) драмалык чыгармалары м-н, «Лаокоон» (1766), «Гамбург драматургиясы» (1767–69) сыяктуу теор. эмгектери м-н ад-тта өз ордун тапкан. Улуу ойчул И. В. Гётенин «Фауст» трагедиясы – дүйнөлүк ад-тта татыктуу орун ээлеген. И. Ф. Шиллер «Каракчылар» (1781), «Зулумдук жана махаббат» (1784) сыяктуу чыгармалары м-н, Г. Гейне саясий лирикасы м-н немец ад-тын бийиктикке көтөргөн. 19-к-дын аянында Г. Манндын чыг-лыгы башталган. Т. Манндын «Будденброктор» (1901) романы реалисттик салтты уланткан. Германияда фашисттик үстөмдүк өкүм сүргөн мезгилде Б. Брехттин «Кураж эне ж-а анын балдары» (1935) ж. б. драмалары, А. Зегерстин «Жетинчи крест» (1939), «Транзит» (1943) романдары жазылган. Ал А. Цвейгдин «Тынчтык», Э. Ремарктын «Өмүр менен өлүмдүн мөөнөтү» ж. б. чыгармалар – немец ад-тынын 20-к-дагы жетишкендиктери. Немец ад-ты 1949-ж. мамлекет экиге бөлүнгөндөн кийин шарттуу түрдө ГФР ад-ты болуп калган. ГДР ад-ты соц. идеологиянын багытында өнүккөн. 1950–80-жылдарда Зегерс («Чечим»), К. Вольф («Бөлүнгөн асман»), Э. Штритматтер («Тинко», «Оле Бинкоп») ж. б. чыгармалары немец элинин кыйын кезеӊде

О. Дикс. «Чоӊ шаар». Үчилтик. 1927–28. Шаардык галерея (Штутгарт).

ги тарыхын баяндаган. Б. Апиц, Р. Вернер, Э. Аренд, П. Винс, Х. Лоберлер фашизмге каршы багыттагы чыгармаларды жаратышкан. Г. Маурер, Ю. Брезан, Ф. Браун, Х. Мюллер, Х. Байерль, К. Хаммел сыяктуу сүрөткерлер аалам маселелерин көтөргөн. 1950–80-жылдардагы ГФР ад-тынын ири өкүлдөрү: Э. М. Ремарк, Б. Белл, В. Кеппен, С. Андрес, П. Шаллюк, Х. Кипхард, Р. Хоххуте, П. Вайс ж. б. Айрым акын-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Азыркы мезгилде немец ад-ты жаӊы багытта өнүгүүдө.
==Архитектура жана сүрөт. ==
Г-нын аймагында байыртан эле герман, кельт, славян уруулары ж-а римдиктер колдонмо иск-во чыг-ларын (тамташ, чеп, эмерек, сайма ж. б.) өнүктүрүп келген. О. кылымда чептери, ратуша, цех, кампа, дүкөн имараттары бар шаарлар өсүп чыгып,

Хильдесхаймдагы Санкт-Михаэльскирхе чиркөөсү. 1001–03.

арх-ра м-н скульптуранын роман (10–13-к., Шпайер, Майнц, Вормс ш-ндагы соборлор) ж-а готика (13–15-к., Кёльн, Фрейбург, Ульма ш-ндагы соборлор) стилиндеги шедеврлери жаралган. 16-к-да немец Кайра жаралуусунун реалисттик иск-восу өсүп-өнүгөт (живописчилер А. Дюрер, Х. Хольбейн, М. Грюневальд, Л. Кранах; скульпторлор Ф. Штос, А. Крафт, П. Фишер). 17-к-дын аягы – 18-к-дын башында санжыргалуу ж-а пафостуу барокко стили (арх. Б. Нёйман, А. Шлютер, М. Пёппельман, сүрөтчүлөр ага-ини Азамовдор) күч алат да, 18-к-дын ортосунан ал классицизм (арх. Г. В. Кнобельсдорф, К. Г. Лангханс, скульпторлор И. Г. Шадов, К. Д. Раух) ж-а реализм (график Д. Н. Ходовецкий) м-н алмашат. 20-к-да немец функционализминин арх-расы дүйнөлүк мааниге ээ болуп (П. Беренс, В. Гропиус,

Суу басым мунарасы.

Э. Мендельзон, Л. Мис ван дер Роэ), пролетардык ж-а согушка каршы кыймыл м-н байланышкан реалисттик жекече өнөрү өнүгөт (Ф. Марк, К. Хофер). 1920-ж. «Баухауз» агымы пайда болгон. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – В. Гропиус (1883–1969) ж-а Людвиг Мис ван дер Роэ (1886–1969). 1945-жылдан кийин талкаланган шаарларды калыбына келтирүү, миллиондогон адамдарга турак-жай керек болгон. Арх-ра экинчи планга калган. Баалуу, байыркы курулуш фонддору талкаланган. Согуштан кийин Г. арх-расы өнөр жай курулушуна байланыштуу өсүп өнүккөн. Өнөр жай, транспорт, инж. курулуштар, фирмалар ж-а мекеме имараттарын курууда немец функционализми кеӊири колдонулганы м-н бир жактуулук үстөмдүк кылган. Немец архитекторлорунун арх-ралык долбоорлору чет өлкөлөргө да таанымал болгон. Хельмут Ян – Чикаго ш-ндагы бийик имараттарды, Европадагы эӊ бийик офистик имарат Франкфурт-на-Майнеде 256 м бийиктиктеги ярмарка мунарасын долбоорлогон. Арх-радагы геом. дизайн колдонулган. Асма констр-луу курулуштар көп салынган. 50-жылдардын 2-жарымынан «органикалык архитектура» агымы өнүгүп, ийри сызыктуу татаал формаларга кызыгуу арткан. Немец архитекторлору дүйнөгө белгилүү боло

Цвингер ансамбли.

баштаган. Нью-Йорктогу бийик каркастуу айнектелген Сигрэм-Билдинг (арх. Мис ван дер Роэ) имараты мисал боло алат. Ушул сыяктуу төрт дискалуу бийик имарат Дюссельдорфтогу Тиссендин имараты (арх. Хельмут Хентрих, 1960), Гамбург электр з-ду (арх. Арне Якобсен ж-а Отто Вайтлинг, 1969) ж-а өзгөчө динамикалык курулуштарга БМВ автомобиль фирмасынын Мюнхендеги цилиндр формасындагы башкы адм. имараты (арх. Карл Шванцер, 1972) ж. б. бар. Маданий мекемелерден көрүнүктүү имараттар – Берлиндеги Ханс Шарундун филармониясы (1964), Мюнстердеги шаардык театр, Штутгарттагы ырдоо залы, Мангейм – Герцогенридпарктагы чогулуштар үчүн ыӊгайлуу үлгүдөгү имараттар кирет. Мёнхенгладбахта (1982) ж-а Кёльнде (1986) жаӊы музей имараттары, Штутгарттагы Жаӊы мамл. гал. (1983), Франкфурт-на Майнеде көркөм кол өнөрчүлүк музейинин (1985) жаӊы имараттары долбоорлонуп, ишке

Искусство музейи («П и р о ж н о е» , Франкурт-на-Майне.)

киргизилген. Бүгүнкү күндөгү белгилүү немец архитекторлорунун тобуна Йозеф Пауль Кляйхус, Готфрид Бем, Гюнтер Бениш ж-а Освальд Матиас Унгерс ж. б. кирет.
==Театр. ==
Немец калкынын театр өнөрү элдик салт оюн-зооктордон келип чыккан. О. кылымда кыдырма актёрлордун (шпильмандар) өнөрү өрчүгөн. Театр жанрынын негизги түрлөрү христиан динине байланышкан литургиялык драма, мистерия, миракль, фарс болгон. Диний окуу жайларда мектеп театрлары жаралган. 18-к-дын 2-жарымында элдик өнөргө байланышкан муз.-драмалык жанр – зингшпиль пайда болгон. Театр өнөрүнүн өнүгүшүнө Г. Э. Лессингдин эмгектери чоӊ таасир берген. Реалисттик немец театрын өрчүтүүдө жазуучу К. Л. Иммермандын ролу зор. Мангейм улуттук театры (1777) А. В. Иффланд, А. Коцебдин консервативдик, мещандык пьесаларын койгон. Башында И. В. Гёте ж-а Ф. Шиллер турган Веймар театры (1791) веймардык классицизм деп аталган монументтүү театр түзүүгө аракет жасаган. 19-к-да Берлин, Дрезден, Гамбург ж. б. шаарларда ири театр борборлору болгон.1860–90-жылдарда Мейнинген театры иштеп, оюн көрсөтүү мад-тын бир кыйла өйдөлөткөн. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Л. Кронек, А. Матковский, Э. Поссарт, Л. Барнай, Й. Кайнц өӊдүү театр ишмерлери чыккан. Берлин, Мюнхен ж-а Гамбург ш-нда театр өнөрүнө өтө зор баа беришкен. 17 – 18-к-да жер ээлеген ар бир княздын өзүнүн жеке театры болгон. Берлинде гана 150 театр (а. и. «Немец театры» ж-а «Каммершпиле»,«Комише опер» ж. б.) бар. Драматург ж-а режиссёр Б. Брехт ж-а актёр Е. Вейгель «Берлинер ансамбль» (1949) театрын түзгөн. Немец театрында көбүнчө классикалык чыг-ды коюшкан. Хайнер Мюллер тарыхый катастрофаларды изилдеп жазган, Бото Штраус орто сословиедеги турмушту сүрөттөсө, Клаус Полдун репертуары курч детективдүү пьесалардан турган. Франц Ксавер Крётц – автор, режиссёр ж-а артист. Брехттен кийинки эле белгилүү немец драматургу, 40ка жакын пьесасы көптөгөн тилде которулган.
Фашисттик диктатура убагында театр нацисттик идеяларды жайылтуучу жайга айланган. Прогрессчил театр ишмерлери куугунтук жеп, көбү чет элге кетип, 1944-ж. театрлардын баары жабылган. Согуштан кийин немец театры кыйынчылык м-н кайра түзүлө баштаган. Ал эми 1949-жылдан тартып немец театры ГДРде ж-а ГФРде эки башка шартта ж-а айырмалуу багытта өнүккөн. Г-да «Каммершпиле», «Фольксбюне», «Берлин ансамбль», «Немец театры» (баары Берлинде), Улуттук немец театры (Веймар), «Резиденц театер» (Мюнхен), «Талия театер» (Гамбург) ж. б. театрлары иштейт.
==Музыка. ==
Немец эл ырларын ваганттар м-н шпильмандар (ырчылар) өнүктүрүп келген. 12–13-к-да миннезингерлер (Вальтер фон дер Фогельвейде, Вольфрам фон Эшенбах, Готфрид Страсбургский) мектеби пайда болгон. 11–13-к-да бюргер, 14-к-дан мейстерзингер (Г. Сакс, 16-к.) музыкасы өнүккөн. 15–16-к-да вокалдык ж-а вокалдык-аспаптык, кийинчерээк аспаптык, көбүнчө орган музыкасы басымдуулук кылган. Элдик обон-ырлардын (протестант хоралынын) өнүгүшүнө Дыйкандар согушу ж-а Реформация түрткү берген. 17-к-да Г. Шюц, Д. Букстехуде өӊдүү музыканттардын чыг-лары эл арасына кеӊири тараган. Аспаптардын коштоосу м-н жеке аткарылуучу гражд. ырлар, клавирдик ж-а оркестрдик сюиталар өнүккөн. Туӊгуч улуттук опера театрынын пайда болушу (Гамбург, 1678–1738) Р. Кайзер, Г. Ф. Телемандын ысымдары м-н байланыштуу. Немец муз. мад-тынын өнүгүшүнө И. С. Бах, Г. Ф. Гендель зор салым кошкон. 18-к-дын 2-жарымында шаар калкынын маданий турмушуна романс кире баштаган. Г. музыкасында ад-ттагы «Бороон жана чабуул» агымына окшош Мангейм мектеби түзүлүп, «эски Вена мектебине» кошулуп, Вена классикалык мектебинин жаралышын шарттаган. Немец ж-а дүйнөлүк мад-ттын өнүгүшүнө өтө зор эмгек сиӊирген К. В. Глюк, Й. Гайдн, В. А. Моцарт ж-а Л. Бетховен да ушул Вена классикалык мектебинен чыккан. 19-к-дын 1-жарымындагы демокр. романтизм агымынын өкүлү – К. М. Вебер. Рев-янын алдындагы мезгилде Ф. Мендельсон-Бартольди, Р. Шуман, Р. Вагнер сыяктуу ири музыканттар чыккан. Немец муз. мад-тында 1848-жылдан көбүнчө Г-да жашаган венгр композитору, дирижёр ж-а пианист Ф. Листтин чыг-лыгынын мааниси да зор. Й. Брамс (1862-жылдан Венада жашаган) классикалык салттардын мурасчысы ж-а аны улантуучу катары белгилүү болсо, Р. Штраустун чыгармалары фантазияга байлыгы м-н айырмаланган. Фашисттик диктатуранын учурунда немец муз. мад-ты өтө төмөндөп, улуттук музыканын алдыӊкы салттары бурмаланган. Прогрессчил мыкты музыканттар эмиграцияга кетишкен, бир тобу концлагерлерде курман болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан соӊ Г-да музыканын кайтадан өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Гамбургда 1678-ж. курулган опера театры бар. Кымбат сахналык техника м-н жабдылган эӊ жаӊы опера театры, Кёльнде ж-а Франкфуртна- Майнеде, Берлинде гана үч опера театры бар. Мюнхендеги Улуттук театр ж-а Дрездендеги Земпердин Опера театры – итал. Ренессанс доорундагы арх-ралык баалуу эстеликтерден. Берлин филармониясынын оркестри, дүйнөгө атагы чыккан Мюнхен филармониясынын оркестри, Бамберг симф. оркестри, Лейпцигдеги «Гевандхауз» оркестри, Дрезден мамл. капелласы ж-а радионун симф. оркестрлери ж. б. белгилүү муз. коллективдер бар. Көпчүлүк концерттерде ж-а опера спектаклдерде башка өлкөлөрдөн келген, дүйнөгө атагы чыккан артисттер катышат. Мис., Берлин филармониясынын оркестрин итал. Клаудио Аббадо жетектейт. Немец артисттери көптөгөн өлкөлөрдө иштешет. Мис., Курт Ма-

У. Кёддеричтин «Тиль Уленшпигель» балетинен көрүнүш.
Лейпциг мамлекеттик операсы.

зур Нью-Йорк филармониясында, Кристоф фон Донани Кливленд оркестринде башкы дирижёр. Дүйнөгө атагы чыккан немец музыканттары скрипкачы Анна-Софи Муттер, трубач Людвиг Гюттлер, ырчылар Хильдегард Беренс, Дитрих Фишер-Дискау, Петер Гофман, Рене Колло ж. б. Улуу муундагы музыканттардын ичинде О. Герстер, Р. Вагнер-Регени, М. Буттинг сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар. Өлкөдө музыка б-ча эл аралык ж-а улуттук конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Дирижёрлор Г. Абендрот, К. Зандерлингдин, ырчылар Э. Буш, Г. Май ж. б-дын ысымдары дүйнөгө белгилүү. Г-да улуу классиктер Л. В. Бетховен, Г. Гендель, Р. Вагнердин чыгармалары аткарылат. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» ж-а Штраустун «Жарганат» опералары көп коюлат. 1961–73-ж. Жон Кранко Штутгарт балет труппасына чыг-лык м-н эмгек сиӊирген ж-а прима-балерина Мария Хайде жетекчилик кылган (1973–95). Азыркы күндө Пина-Бауш жетектеген Вуппертальдагы бий театры эл аралык колдоого ээ болгон. «Эстрада музыкасына», варьете муз. театрга Берлиндеги «Фридрихштадтпаласт» театры өзүнүн чыг-лыгын арнаган. Гамбургдагы «Кэтс» мьюзикли көп жылдардан бери белгилүү. Концерттерде модерн классикасы маанилүү роль ойнойт: Пауль Хиндемит, Игорь Стравинский, Арнольд Шёнберг, Бела Барток. Борис Блахер, Вольфганг Фортнер, Вернер Эгк, Карл Орф өздөрүнүн муз. аспаптары м-н дүйнөгө белгилүү «Музыка мектеби» балдарды музыканы сүйүүгө тарбиялашкан.
Дүйнөгө белгилүү тромбонист Альберт Мангельсдорф жаз-фри сферасында, Клаус Дольдингер өзүнүн «Паспорт» тобу жаз м-н рок музыкасында белгилүү. Бий ж-а эстрада оркестри Берта Кемпферт, Жеймс Ласт, Макс Грегер ж-а Паул Куна Г-дан тышкары башка өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрүнө таанымал. Белгилүү рок ырчылары: Петер Маффай ж-а Мариус Мюллер Вестернхаген

«Скорпион» рок-группасы.

Мюллер-Вестернхаген, Нена. Азыркы күндөгү белгилүү топтор: «Скорпион» ж-а «Принц». Жаш таланттарды өстүрүүдө конкурстар өткөрүлөт. Г-нын батышында эле 700дөн ашык муз. коомдук мектеп ж-а 15 000 хор мектептери бар. Г-да муз. аспаптарды чыгаруу салт болуп калган. Миттенвальдда дүйнөгө белгилүү скрипкалар жасалат. Ар бир экинчи киши флейтада ж-а гитарада ойнойт. Г-да музыка тармагы гүлдөп-өнүгүүдө, 200 млндон ашык атамекендик ж-а чет өлкөлүк грампластинка, кассета ж-а компакт диск сатылат.
==Кино. ==
1895-ж. Берлиндеги «Винтергартен» варьеттесинде биоскоптун жардамы м-н гротеск мүнөзүндөгү кыска метраждуу фильмдер көрсөтүлгөн. 1896-ж. Г-да «Местерфильм» киностудиясы уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин «Местерфильм» Г-нын кино өндүрүшүндө башкы ролду ойногон. Асыресе, ал кезде башка студиялар да аракеттенип жаткан: «Дойче биоскоп» (1897), «Мюнхенер кунстфильм» (1907), «Унион» (1910). «Местерфильм» киностудиялары

«Роза кармаган Эмиль» фильминен көрүнүш.

жыл сайын 50 кино чыгарма, көбүнесе, мелодрама м-н комедияларды тарткан. Г-да биринчи дүйнөлүк согушка чейин АКШ, Франция ж. б. өлкөлөрдүн фильмдери көп көрсөтүлсө, согуш башталары м-н улуттук өндүрүштүн кинолору көбөйгөн. Фирмалардын саны дээрлик 8 эсе өскөн. 1917-ж. «Местерфильм», «Унион» фирмалары ж-а алардын филиалдары Даниянын «Нордикс» фирмасы м-н биригип, УФА (Универзумфильмакциенгезельшафт») акционердик коому түзүлгөн.
Үндүн пайда болушу киноөндүрүшүн кайра куруу зарылчылыгын жараткан. УФА ж. б. фирмалар үн жазуу үчүн павильондорду жабдый баштайт. 1930-ж. тартылган 146 фильмдин 101 фильми – үн коштогон киночыгармалар болуп эсептелген. 1933–34-ж. фашисттик режим м-н кызматташуудан баш тарткан киноишмерлердин чоӊ тобу Г-дан чыгып кеткен. Реакциячыл багыттын башкы өкүлү режиссёр-документалист Л. Рифеншталь эсептелген. Анын фильмдеринде фашисттик идея ачыктан ачык чагылдырылган. Фашисттик мезгилдеги немец кинолорунда В. Хохбаум, Х. Койтнер, В. Штаудтенин чыг-лыгы бөтөнчө орунда турган. Анткени алардын фильмдеринде реалдуу турмуштун белгилери, лирикалуулук басымдуулук кылган. Советтик кинотаануу илиминде эки мамлекеттин кино ис-восун эки башка кароо өкүм сүргөн. 1946-ж. Г-нын батыш аймагында «Камера», «Реаль-фильм», «Глория-фильм» фирмалары түзүлгөн. 1947-ж. биринчи көркөм фильм чыгат («Ал күндөрдө», реж. Х. Койтнер), Г-нын кино-өндүрүшүнүн башталышы 1945-жылдын аягында уюштурулган «Фильмактив» тайпасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. 1946-ж. ай сайын чыгарылуучу «Күбө» («Очевидец») киножурналынын биринчи саны көрсөтүлгөн. 1947-жылдан баштап бул киножурнал жума сайын чыга баштаган. 1946-ж. Бабельсбергде ДЕФА студиясы ачылган. Ошол эле жылы «Адам өлтүргөндөр арабызда» аттуу фильмдин (реж. Штаудте) премьерасы болгон.
1960-ж. ГФРдин жаш кинематографисттери «Оберхаузен манифестине» кол коёт. Кийинчерээк «жаш немец киносу» деген жалпы аталышка ээ болгон чыгармачыл инсандар киноиск-вонун тематикасынын ж-а көркөм каражаттарынын жаӊыланышына принципиалдуу салым кийирет. «Жаш немец киносунун» салттарын 20-к-дын 70-жылдары Мюнхендеги кино ж-а телекөрсөтүүнүн жогорку мектебин бүтүрүүчүлөр уланткан.
ГДРде ДЕФА студиясы башка өлкөлөрдүн кинематографисттери м-н биргеликте көптөгөн фильм тарткан. А. и. СССРдин киночеберлери м-н чогуу төмөнкү фильмдерди жараткан: «Беш күн, беш түн» (1961, реж. Л. Арнштам), «Адамдар жана айбандар» (1962, реж. С. Герасимов), «Ленинди көздөй жолдо» (1970, реж. Г. Райш), «Гойя, же таануунун оор жолу» (1971), «Кара сухарлар» (1972, реж. Г. Раппапот), «Пётрдун жаштыгы» ж-а «Даӊктуу иштердин башталышында» (1981, реж. С. Герасимов), «Майда арип менен эки сап» (1981, реж. В. Мельников), «Кичинекей Александр» (1982, реж. В. Фокин). Г-нын киноөндүрүшү көлөмү жагынан да, сапаты жагынан да Европадан гана эмес, бүт дүйнөдө алдыӊкы орундардын бирин ээлейт. Кинематография жагындагы кадрларды Мюнхендеги телекөрсөтүү ж-а кино мектеби даярдаган. Ульмдеги кино билим берүү ин-туту, Бабельсбергдеги К. Вольф атн. телекөрсөтүү ж-а кинонун жогорку мектеби даярдаган. Берлинде Бүткүл дүйнөлүк фестивалдар (1951–90), кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары Оберхаузда, Мангеймде, Лейпцигде өткөрүлүп турат.
Ад.: История литературы Германской Демократической Республики. М., 1982; История всемирной литературы. М., 1983; Германия. Факты. Изд. «Societats-Verlag», 1993; Сто великих писателей. М., 2000; Романова Э. П. Современные ландшафты Европы. М., 2000; Бусыгина И. М. Регионы Германии. М., 2000; Германия//Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006; Вельфлин Г. Искусство Италии и Германии эпохи Генессанса. Л., 1934; Ферман Б. Э. Немецкая романтическая опера//Ферман Б. Э. Оперный театр. М., 1961; Макарова Г. В. Прогрессивные тенденции в театральном искусстве ФРГ, 1949–1981 гг. М., 1986; Реблин Э. Балет в ГДР и ФРГ//Музыка и хореография современного балета. Л., 1977; 50 фильмов киностудии ДЕФА. М., 1976; Германия. Факты. «Socitдts-Verlag». Франкфурт-на-Майне, 1993.