ЖҮГӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮГӨРҮ , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азык­түлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бө­лүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сы­мал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Жүгөрү Борбордук ж-а Түштүк Америка­дан таралган. Ев­ропага 15-к-дын аягында алып ке­линген. Россияда 17-к-дан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, ай­рыкча Украина, Молдавия, Кав - каз, Орто Азияда (а. и . К ыргызстанда)

өстүрүлөт. Жүгөрү – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүл­дүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийикт. 50–80 смден 5–6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийи­лүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайга­шат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учун­да, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салм. 50–1100 г, көбүнчө 100–400 г. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүү­дө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүм­дүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90–180 кг азот, 45–180 кг фосфор, 30– 180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү не­гизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечте­ри: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, ниг­роспороз, сото нигроспорозу.

Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981.