ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ , т е р м о р е­г у л я ц и я (термо... ж-а лат. regulo – жөнгө салам) – жылуу кандуу организмдердин (куш, сүт эмүүчү жаныбарлар, адам) дене температурасын туруктуу деңгээлде сактоочу физиологиялык процесстер жыйындысы. Жылуулукту жүнгү салуу чөйрөнүн түрдүү шартта­рында организмдин тиричилигин камсыз кылат. Айлана-чөйрөнүн температурасына байланыштуу жылуулук продуктусу м-н жылуулук чыгаруунун өзгөрүшү дененин температурасынын туруктуу­лугун камсыз кылат. Жылуулук продуктусу өзгөртүүчү физиологиялык процесстер химиялык, жылуулук чыгарууну өзгөртүүчү процесстер физикалык жылуулукту жөнгө салуу деп аталат. Жылуулук продукциясы бөлүнүп чыккан жылуулукка барабар болсо, организм­дин температурасы бир калыпта сакталат, шайкеш келбесе, организмдин температурасы жогорулайт, көп бөлүнсө төмөндөйт. Жылуулукту жөнгө салуу жаныбардын ар кандай климаттык шартта жашоосун ж-а таралышын камсыз кылат.