ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТАНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТА́НЦИЯ – жердин жасал­ма жандоочуларынын ж-а космос кемесинин учуусун жерден байкап ж-а башкарып туруучу курулма. Эң жөнөкөй жер үстүндөгү станция – телеберүү сиг­налдарын кабыл алган спутник антеннасы. Бул антенна космос аппараттарын башкаруу үчүн радиосигналдарды жиберет ж-а кабыл алат. Алынган кабарды компьютерлер иштеп чыгат. Спутник же кеме геотуруктуу орбитада (мында спутник жер бетинин бир эле чекитинин үстүндө жайгашат) турбаган учурда, космостук аппарат­тар м-н туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн бир нече жер үстүндөгү станцияны орнотуу зарыл. Россия м-н Кытайда жер үстүндөгү катары кемелер пайдала­нылат. Иштеп жаткан аппараттарды байкоо алардын радиосигналдары аркылуу ишке ашы­рылат. Кыймылсыз спутниктер м-н космостук таштандылар оптикалык ж-а радиолокациялык түзүлүштөр (радар) аркылуу көзөмөлдөнөт.