ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ – Совет бийлигинин агрардык саясатын иш жүзүнө ашыруу үчүн Түркстан АССРинде түзүлгөн уюмдар. Жер-суу комитеттери кабыл алган жобого ылайык айыл жеринде жашап, 20 жаштан ашкан 500 адамга бирден мүчө шайлоого укук берилип, жеке менчикке тиешелүү жер-суу, токойлорду өз колдоруна алуу (экспроприация) м-н жаңы чарбаларды уюшту­рушкан. Кыргызстанда мындай комитеттер 1918-жылы уюшу­луп, 1920-жылы жергиликтүү Советтердин жер-суу бөлүм­дөрү болуп кайрадан түзүлгөн.