ЖЕРГЕ-ТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Тажикстандагы кыргыздар жа­шаган Жерге-Тал районунун административдик борбору, кыш­так. Кара-Тегин өрөөнүндө жайгашкан. Тажик­стандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 284 км чы­гыш, Ош шаарынан 350 км түштүк-батыш тарапта. Негизинен кыргыздар, ошондой эле орустар да жашайт. Кыштакта кесипчилик окуу жайы, 2 орто мек­теп, 2 китепкана, оорукана, маданият үйү бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.