ЖҮЗӨНОВА Бурул Сагындыковна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗӨНОВА Бурул Сагын­дыковна (1952-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Түп району, Талды- Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1995). КММИни бүтүргөн (1976). КММАда ассистент, улук илимий кызматкер, декан, кафедра башчысы болуп иш­теген. 2002-жылдан КММИде кайра даярдоо ж-а билимин өркүндөтүү кафедрасынын башчы­сы. Ревматология боюнча адис. 70ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 20 усулдук көр­сөтмөсү бар.

Эмг.: Системные васкулиты в ревматологической практике. Б., 1996; Суставной синдром. Б., 1999; Диагностика и лечения диффузных болезней соедини­тельной ткани. Б., 2000; Дегенеративные болезни суставов. Б., 2002.