ЖЕРГЕ-ТАЛ (Нарын дарыясынын сол куймасы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 15 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖЕРГЕ-ТАЛ 2 to ЖЕРГЕ-ТАЛ (Нарын дарыясынын сол куймасы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 59 км, алабынын аян­ты 372 км2. Байдулу тоосунун түштүк капталы­нан башталып, кууш, карагайлуу терең капчы­гай м-н агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз ж. б. Жылдык орточо чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягын­да кире баштап, сентябрдын башында тарты­лат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге-Тал кыштагы жайгашкан.