ЖҮЗҮМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:26, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗҮМ (Vitis) – жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Көбүнчө жармашып же чыр­машып өсөт. Негизинен жылуу ж-а мелүүн кли­маттуу аймактарда таралган. 70тей түрү бел­гилүү. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска; бир жылдыгы ичке, узун (3–5 м). Жалбырагы жазы, сабагына кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү майда, бир же кош жыныстуу, шыпыргы­дай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – ширелүү же­миш, ичинде 1–4 уругу бар; айрым сорттору (кишмиш) уруксуз болот. Шиңгилинин форма­сы ар түрдүү. Эгилме түрү көп өлкөдө өстүрүлөт.

Жүзүм сорттору: 1 – Карабурну; 2 – Гамбург муска­ты; 3 – ак хусайне; 4 – тоголок кишмиш.

Анын дүйнө жүзүндө 20 миңге жакын сорту белгилүү. Жүзүм бир, эки жылдык көчөтүнөн, ка­лемчеден, кыйыштыруу, бутагын көмүү жол­дору м-н көбөйтүлөт. Ал эми уругунан өстүрүү селекция ишинде пайдаланылат. Ж. жаңы ж-а тоңдурулган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, кыям, маринад, жем ж. б. жасалат. Мөмөсүндө 65–85% суу, 10–33% кант, 0,5–1,4% органикалык кислота, 0,15–1,0,9% белок, 0,3–1,0% пектин, 0,3–0,5% минерал заттар, ошондой эле С, В1, В2 витаминдери, провитаминдер болот. Шарап өнөр жайында калды­гынан этил спирти, уксус, жүзүм кислоталары, уру­гунан май алынат. Жүзүм ж-а анын продукция­сы дары катары колдонулат. Жүзүмдүн түшүмүнүн 80% кайра иштеп чыгарууга, 5%и как жасоого кетет, 15%и жаңы кезинде желет. Жүзүмдүн бел­гилүү сорттору: Ркацители, Рислинг, Шасла, Ак мускат, Карабурну, кишмиш. Кыргызстанда мус­каттуу мадлен, Пино, Иллранг, Кызыл тайфа, Ак бермет, Алтынай, Алиса ж. б. сорттору өстүрүлөт. Булар бышып жетилиши боюнча эрте, орто, кеч болуп бөлүнөт. Зыянкечтери: филлок­сера, шиңгилчи көпөлөк, желечи кене, жүзүм курт сымагы ж. б. Илдеттери: мильу, оидиум, антракноз, бактериялуу рак.


Ад.: Энциклопедия виноградарство. В 3-х т. Ки­шинёв, 1986; Виноградарство. М., 1998. К. Тургунбаев.