ЖҮРӨК ХИРУРГИЯСЫ ЖАНА ОРГАНДАРДЫ АЛМАШТЫРУУ ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮРӨК ХИРУРГИЯСЫ ЖАНА ОРГАНДАРДЫ АЛМАШТЫРУУ ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ КРдин С а л а м а т т ы к с а к т о о м и н и с т р л и г и н и н – жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо ж-а хи­рургиялык жол м-н дарылоонун жаңы методдорун киргизүү, ошонрдой эле органдарды алмаштырууну кли­никалык практикага киргизүү боюнча илимий иштер­ди жүргүзүүчү мекеме. 2004-ж. уюшулган. Институт­тун 8 бөлүмү бар: консультация-диагноздоо; кийин пайда болгон ж-а тубаса жүрөк кемтиги­нин хирургиясы; жүрөк ыргагынын бузулушу; трансфизиология ж-а бөйрөктү алмаштыруу бө­лүмү ж. б. Институтта КР УИАнын 1 корр. мүчөсү, 4 илимдин доктору, 11 илимдин кандидаты эм­гектенет (2007). 2005-жылдан ин-ттун директо­ру – Абдраманов К. А.