ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:16, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ́Я ООРУСУЯЯЯ – жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; неги­зинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан м-н камсыз кылуу начарлаганда болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу » түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокар­дия, миокарддын инфаркты), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин на­чарлашы ж-а согуу ыргагынын бузулушу м-н коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия присту­бу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокард­дын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймыл­доо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарт­кандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да орга­низмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мур­да тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал ма­йын ж-а жакшы сиңүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк ма­йын ж-а С витамини м-н В тобундагы витамин­дерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булар­дын баары жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.