ЖӨКӨ ДАРАК
ЖӨКӨ ДАРАК (Tilia) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар катарындагы жөкө дарактар тукумунун уруусу. Жалбырагын күбүмө, бийиктиги 15–16 мге (айрымдары 40 м) жеткен дарак.

Жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги араадай тилкелүү. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу, аары, гүл
чымыны ж. б. курт-кумурскалар чаңдаштырат.
Топ гүлү – калкандай же чачыдай. Мөмөсү – жаңгакча, шамал, ошондой эле тыйын чычкан, айрым куштар таратат. Жөкө дарак 150, кээде 500 жылга чейин өсөт. Түндүк жарым шардын мелүүн, бир аз субтропик зоналарында 50, КМШ
өлкөлөрүндө 17 түрү өсөт. Кыргызстанда жашылдандыруу ж-а кооздук үчүн өстүрүлөт. Гүлү дары катары ж-а чайга, шарапка жагымдуу жыт берүү үчүн кошулат. Жыгачынан идиш, фанера, музыкалык аспап ж. б. жасалат.