ЖӨНӨКӨЙ САН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:33, 15 Июль (Теке) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨНӨКӨЙ САН – өзүнө ж-а бирге гана бөлү­нүүчү бирден чоң оң бүтүн сан: 2, 3, 5, 7, 11, 13. Бир жөнөкөй санга да ж -а курама санга да кирбейт. Абдан чоң жөнөкөй санга – Мерсенн саны, ал 21121.3 –1 са­нына барабар. Жөнөкөй санга. чексиз ж-а натуралдык сандардын бөлүнүүчүлүгүн чыгаруудагы негизги түшүнүк. Алсак сандардын бөлүнүүчүлүк теория­сынын теоремасы боюнча бирден бөлөк каалаган­дай оң бүтүн сан жалгыз түрдө жөнөкөй сандардын көбөйтүндүсүнө ажырайт. Жөнөкөй сан чексиз көп экен­диги байыркы грек математиктерине эле бел­гилүү болгон. Анын далилдениши Евклиддин «Негиздер» аттуу жыйнагында берилген. Жөнөкөй сан группаларды үйрөнүүдө чоң мааниге ээ. 1837-ж. немис математиги П. Дирихле a+bx арифметикалык про­грессиясында (мында x = 1, 2, ..., a, b – өз ара жөнөкөй сандар чексиз көп жөнөкөй сандар бар экендигин да­лилдеген. Бул багытта алгачкы натыйжаны орус илимпозу П. Л. Чебышев алган. Ошондой эле жөнгөкөй сан боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн илимпоздор: франциялык математик Ж. Адамар (1896), белгиялык мате­матик Ш. Ла Валле Пуссен (1896), 1937-ж. орус математиги И. М. Виноградов.