ГЕРМЕС, ЭРМИЙ
ГЕРМЕ́С, Э́рмий – байыркы грек мифологиясында Зевстин уулу, алгач мал чарбачылыктын ж-а малчылардын кудайы, кийинчерээк Олимп кудайларынын жарчысы катары урматталып, жолоочулардын, соодагерлердин, сооданын ж-а кирешенин колдоочусу катары саналган, лираны ж-а малчылардын чоорун ойлоп тапкан. Г. байыркы рим мифологиясында Меркурийге дал келет.