ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 16 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛЕ́КТР ТАРМАГЫ – чыңалуу­су 35 кВга барабар электр тармагы. Өнөр жайын, айыл чарбасын ж. б-ды 15–30 км аралыкта электр энергиясы м-н камсыз кылат. Жергиликтүү электр тармагынын курамына под­станциялар, аба ж-а кабелдик линиялар кирет. Ал радиалдык, магистралдык ж-а туюк болу­шу мүмкүн. Жергиликтүү электр тармагынын чыңалуусу 1 кВдан чоң болсо, 3 өткөргүчтүү, чыңалуусу 380/220 кВ же 220/127 кВ болсо 4 өткөргүчтүү (3 фазалуу өткөргүч ж-а 1 нөлдүк) деп аталат.