ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 16 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпа­ты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байла­ныштуу, анын бети эч бир геометриялык формага окшобогон өтө татаал тур­патка ээ. Ошондуктан Жердин келбети болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, гео­дезия, картография ж. б. көптөгөн илимий- практикалык маселелерди чечүүдө Жердин келбети катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочу­лары м-н космосчулардын байкоо­лорунан Жердин келбети алмурут сымал фор­мада экендиги белгиленген. Мын­дай форманы кардиоид деп атоо су­нуш кылынган, к. Геоид.