ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 16 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ , Ж у ң г а р ө т к ө ө­ л ү – Жети-Суу (Жунгар Ала-Тоосу (батышын­да) м-н Барлык ж-а Майлы-Тоо кырка тоолору­нун (чыгышында) аралыгындагы өткөөл. Рос­сиянын Кытай м-н чек арасына жакын. Бал­каш – Ала-Көл өрөөнүн Жети-Суу (Жуңгар) түздүгү м-н туташтырат. Узундугу 50 кмдей, эң кууш жери 10 км, бийиктиги 300–400 м. Жарым чөл ландшаф­ты үстөмдүк кылат. Илгертен көчмөндөр кеңири пайдаланып келген. Жети-Суу капкасы аркылуу Актогай – Дружба темир жолу өтөт.