БЕЛЬМОНДО Жань Поль

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page БЕЛЬМОНДО to БЕЛЬМОНДО Жань Поль) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЬМОНДО́ Жань Поль (9. 4. 1933-жылы туулган, Нёйи­сюр-Сен, Парижге – 6. 9. 2021-жыл, Париж) – француз актёру, 1956-жылы Париж консерваториясын (Р. Жирар­дын драма классын) бүткөндөн кинодо. Ж. Л. Го­дардын «Акыркы дем» фильми (1960) менен дүйнөгө атагы тараган. Эркин манерадагы күлкү тартуулаган таланты, терең драмалык жөндөмү кино жылдызына зор чеберчилик, шык берди «Чочара», «Модерато кантабиле», «Баканооз», «Ууру», «Борсалино», «Ставиский», «Эң сонун», «Профессионал», «Тагдырдын тамашасы» жана башка фильмдерде ойногон. Бельмондо театр актёру жана продю­сер. 1992-жылдан Париждеги «Варьете» театры­нын кожоюну болуп турган. Ардактуу легион ордени менен сый­ланган (1991).