ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булактары. Каракол шаарынан 28 км түш.-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийиктикте. Ысык булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун метаморфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чыккан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоо тектери жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Ошондой эле 150 м тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Дебити 2,7 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН 7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Температурасы 25–42°С. Жалпы минералданышы 0,9 дан 13 г/лге чейин. Түссүз, жытсыз, даамсыз. Курамында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биологиялык активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18– 400 Махе бирдигине же 127,4Ч10–8 кюри/лге чейин. Эсептелген запасы суткасына 0,4452 миң м3 (1965). Муун, нерв, гинекологиялык ж. б. ооруларга шыбаа берет. Суунун базасында Жети-Өгүз курорту иштейт.