БЕТОН АРАЛАШТЫРГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н АРАЛАШТЫРГЫЧ – цемент, кум, ша­гыл же гравий, суудан турган бетон аралашма­сын механикалык жол менен аралаштырып даярдоочу ма­шина. Анын түрлөрү: циклдик жана үзгүлтүксүз аракеттеги; көчмө жана туруктуу (стационардык); аралашма даярдоо ыкмасы боюнча гравитациялык жана мажбурлап аралаштыргыч түрлөрү бар. Ав­тотранспортко орнотулган бетон аралаштыргыч авто бетон ара­лаштыргыч деп аталат.