ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА
ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА – көлмө жээктерин суу толкуну жана агымы, муз басымы жана башка жаратылыш факторлорунун талкалоочу аракеттеринен сактагыч. Жээк бекитүүчү курулма суунун агымы менен өз ара аракеттенишүү түрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: активдүү – суу агымынан сайроондорду жана жээктеги шилендилерден сактайт (дарыяларда – туурасынан кеткен жөнгө салынуучу тосмолор, агымды багыттагыч калканчтар; деңизде жана көлдө – шиленди тосуучу дамбалар, толкун баскычтар) жана пассивдүү – суу агымына туруштук бере турган бышык конструкциялар (деңизде – толкун тоскуч дубалдар, ири блоктор жана фигуралуу массивдер; дарыяларда – таш тосмолор, бетон жана темир-бетон такталар).