БЕШИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК – наристени бөлөп, терметүүгө ылайык­талган, жыгачтан жасалган керебетче. Бешик бөбөк­тү аздек бакканга, денесин таза кармаганга, тез уктатканга бир кыйла ыңгайлуу. Ал Орто Азия, Казакстан, Кавказ, Иран, Афганстан, Индия калктарында илгертен бар. Көпчүлүк түрк тил­деринде «бешик» сөзүнүн болушу да бешиктин ба­йыркылыгын кыйыр далилдейт. Кыргызда ил­гери бешик көчмөн турмушка ыңгайланып, жөнө­көй жасалган: билектей жоон бир кулач ка­йыңдан же талдан эки алкак ийилип, курга­ганда алардын «буттарына» көзөнөк оюлган

жана көзөнөктөргө жарыш чабактар (таякчалар) бекитилген. Жарыш чабактарга узун туурасы­нан аркы-терки сызма тартылып, ага оюгу бар олпок, жалаяк төшөлгөн. Бөбөк булганбас үчүн олпоктун оюгуна шимек (койдун жото жили­гинен же жыгачтан) коюлуп, алдында күлтүк кыстарылган. Бөлөөдө кыпчыктар (жаздыкча­лар же бүктөлгөн чүпүрөктөр), боортколор (жазы сызмалар), чарчы ороолор колдонулган. Мын­дай бешикти кыргыздар көчмөнчүлүк доордо уру­нуп келген. Ал терметүүгө ыңгайсыз болгон. Кийинчерээк кыргыздардын арасына атайын усталар тарабынан жасалган жорго бешик тарай баштаган. ЖоргобБешик тал же тыт жыгачынан жа­салат. Узундугу 1–1,1 м, эни менен бийиктиги 0,5 м келет. Мындай бешиктин астына сызмалардын ордуна ту­таш жука тактайчалар кагылып, күлтүк (туну­ке, чопо, айнек идиш) үчүн гана тешик калты­рылат; эки алкагы дого сымал ийилген жазы жыгач болот; бешиктин сабы же аркалыгы (үстүнкү терметкич жыгачы) жумуру жоон жы­гачтан жасалат. Бешиктин эки таманына жыгач карскан (жаа сымал жыгач) ашталып, алар бешиктин термелишин жеңилдетет. Жорго бешиктин жыгачтары сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолот. Баланын бөлөнүшү эки бешикте тең бир­дей. Бешиктин дагы бир сейрек учуроочу түрү – асма же жел бешик. Ал керегелердин башына байланган аркандан жасалып, төмөн жагына бала жат­канга ыңгайлуу орундук даярдалган.